Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 19 января 2026 года № 13 "Об утверждении Статистической программы на 2026 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-02-19.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026жылдын 19-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-декабры № 761
2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө
2025-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылга статистикалык программа тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, атайын статустагы мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттери (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген 2025-жылга статистикалык программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы № 13 "2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2026 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2023 · № 572 · Күчүн жоготкон
- 2024-жылга статистикалык программма (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 токтомуна)Приложение · 25.10.2023 · № 572 · Күчүн жоготкон
- 2025-жылга статистикалык программа (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 761 токтомуна)Программа · 16.12.2024 · № 761 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы № 13 "2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2026 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2023 · № 572 · Күчүн жоготкон