Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 10-апрели № 271-т Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө" жана 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомдорунун талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1, 2-пункттарда "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пункт "куруу" деген сөздөн кийин "жана жабдуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген "Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул тескеменин 1-пунктунун 2-пунктчасы 2024-жылдын 3-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
"Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги
№
Уюмдун аталышы жана ИСН
Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы
Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү
Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча уюмдун милдеттенмелери
1
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК ИСН 00810201510086
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
2
КРПИБ караштуу "Кыргызстройсервис" МИ ИСН 02707200610121
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
3
"Аманат Строй Инвест" ЖЧКсы ИСН 03012202110261
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
4
"Иншаат Строй Билдинг" ЖЧКсы ИСН 02509202010060
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
5
"Эпикон" ЖЧКсы ИСН 00809202210531
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
6
"Бест Хаус Гранд" ЖЧКсы ИСН 00407202310015
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
7
"СК Голден Хаус" ЖЧКсы ИСН 00402201910103
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
8
"Астонс ЛТД" ЖЧКсы ИСН 02210201310163
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
9
"Фирма К.Жетиген" ЖЧКсы ИСН 01309200010144
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
10
"АБАД СТРОЙ" ЖЧКсы ИСН 00609201810026
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
11
"МЭГА-ПРИМ соода корпорациясы" ЖЧКсы ИСН 01003200410024
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
12
"Аман-Таш" ЖЧКсы ИСН 02002201810151
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
13
"Аман-Көмүр" ЖЧКсы ИСН 01207201910013
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
14
"Вавилон-Маркет" ЖЧКсы ИСН 00903201010330
КРПИБ
КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө
Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо
Кыскартуулардын тизмеси:
КРПИБ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы
МИ
-
мамлекеттик ишкана
ААК
-
ачык акционердик коом
ЖЧК
-
жоопкерчилиги чектелген коом
КНС
-
кошумча нарк салыгы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т ("Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026"…Распоряжение · 03.09.2024 · № 521-р
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти…Постановление · 12.07.2023 · № 355 · Күчүн жоготкон