Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297 жана 353-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-августу № 447 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297 жана 353-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297, 353-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) пайдалуу кен чыккан жерлердин жана анын көрүнүштөрүнүн бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы 1-тиркемеге ылайык;
2) лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:".
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен пайдалуу кен чыккан жерлердин жана анын көрүнүштөрүнүн бонустарынын ставкаларына деталдуу талдоо жүргүзсүн жана 2022-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө тиешелүү сунуш киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-августундагы № 76 (3411) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
1-тиркеме
Пайдалуу кен чыккан жерлердин жана анын көрүнүштөрүнүн бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы
№
Пайдалуу кендер
Запастар, ресурстар
Кен чыккан жерлердин изилденгенине, баалуулугуна жана масштабына жараша бонустардын ставкалары (АКШ долл.)
өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кен чыккан жерлер (запастардын категориясы А+В+С1+С2+бс/з)
пайдалуу кендердин алдын ала бааланган кен чыккан жерлери жана көрүнүштөрү (С2 запастарынын жана Р1 болжолдуу ресурстарынын категориясы)
1
Мунай (казып алынуучу запастар)
1 млн. т
100000
5000
2
Күйүүчү газдар
1 млн. куб.м
30
2
3
Таш көмүр
1 млн. т
2000
200
4
Күрөң көмүр
1 млн. т
1000
100
5
Темир рудасы
10 млн. т
10000
100
6
Марганец
1 млн. т
2000
20
7
Алюминий (Al2O3)
1 млн. т
1000
10
8
Жез, коргошун, цинк, мышьяк
1 миң т
1000
10
9
Сейрек металлдар: калай, вольфрам (WO3), сурьма, сымап, молибден, бериллий (ВеО), тантал (Та2О5), ниобий (Nb2O5), ванадий (V2O5), висмут
1 миң т
3000
30
10
Сейрек кендер (ETR)
1 миң т
4000
40
11
Уюган алтын жана платиноиддер
1 т
60000
1000
12
Чачыранды алтындар
1 т
40000
1000
13
Күмүш
1 т
1000
10
14
Уран
1 миң т
10000
100
15
Магнетит (күкүм түрүндөгү)
1 млн. т
1000
10
16
Цирконий (ZrO), стронций (SrO), флюорит
1 миң т
100
10
17
Кремний сырьесу:
- кварц;
1 миң т
300
100
- кварциттер
1 млн. т
10000
2000
18
Зергердик таштар
1000 карат
1000
100
19
Зергердик-жасалгалоочу таштар
1000 карат
200
20
20
Жасалгалоочу таштар
1 куб.м
50
10
21
Агрохимиялык сырье: фосфориттер апатит (Р2О5), глауконит
1 млн. т
10000
100
22
Табигый минералдык туздар (галит, тенардит, глауберит ж.б.)
1 млн. т
2500
500
23
Фарфордук таш, волластонит
1 млн. т
5000
1000
24
Цементтик сырье:
- акиташтар, доломиттер, мергелдер;
1 млн. т
1000
200
- чополуу заттар (чополор, топурактар, чополуу сланецтер);
1 млн. т
500
100
- минералдык кошулмалар (гипс, глиеждер ж.б.)
1 млн. т
500
100
25
Кирпич жана керамзит сырьелору (чополор, топурактар, чополуу сланецтер, кум)
1 млн. т
600
200
26
Кум-шагылдуу аралашмалар
1 млн. куб.м
5000
1000
27
Курулуш кумдары
1 млн. куб.м
8000
800
28
Кварц кумдары
1 млн. т
10000
2000
29
Каолин, отко чыдамдуу жана бентониттик чополор
1 млн. т
8000
1000
30
Аки өндүрүү үчүн акиташтар, курулуш гипси
1 млн. т
1000
200
31
Курулуш ташы
1 млн. т
1000
100
32
Табигый беттөөчү таш
1 млн. т
25000
5000
33
Петролургиялык сырье (базальт, диабаз ж.б.)
1 млн. т
10000
2000
34
Графит
1 млн. т
40000
4000
35
Барит
1 млн. т
20000
2000
36
Табигый күкүрт жана күкүрт колчеданы (S)
1 млн. т
10000
1000
37
Магнезит, тальк, пирофилит
1 миң т
100
10
38
Жер астындагы ичүүчү суулар
1000 куб.м/сут.
13000
6500
39
Минералдык суулар
100 куб.м/сут
8000
4000
40
Термалдык суулар
100 куб.м/сут
8000
4000
41
Термалдык минералдык суулар
100 куб.м/сут
8000
4000
Эскертүү: пайдалуу кендердин запастары изилденүү даражасы боюнча A, В, С1 жана С2 категорияларына бөлүнөт. Мындан тышкары баланстан сырткары запастар жана Р1 категориясындагы болжолдуу ресурстар бөлүнөт. A, В, С1 категорияларындагы запастар кен ишканасын долбоорлоого жана курууга негиз болот. С2 категориясындагы запастар чалгындалган кен чыккан жерлер үчүн долбоорлоодо толук эмес жана толук эске алынат жана кен чыккан жердин резерви болот. Баланстан сырткары запастар (бс/з) - A, В, С1 жана С2 категориялары боюнча чалгындалган, кен ишканасын долбоорлоо стадиясында аларды пайдалануу экономикалык жана техникалык себептер боюнча максатка ылайыксыз болгон запастар. Долбоорлоодо эске алынат жана минералдык сырьего болгон баа, кен чыккан жерлерди иштетүүнүн кен-техникалык шарттары өзгөргөн учурда жана башка себептер боюнча пайдаланылышы мүмкүн. Р1 категориясындагы болжолдуу ресурстар зарыл болгон геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдөн кийин өнөр жайлык запастардын табылуу мүмкүндүгүн көрсөтөт.
2-тиркеме
Лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы
№
Пайдалуу кендер
Өлчөө бирдиги
Бонустун ставкалары (АКШ долл.)
1
Мунай жана газ
кв.км
10
2
Көмүр
кв.км
500
3
Металлдык пайдалуу кендер
кв.км
25
4
Алтын жана платиналык күкүм тобундагы металлдар
кв.км
100
5
Зергердик жана зергердик-жасалгалоочу таштар
кв.км
20
6
Жасалгалоочу таштар
кв.км
20
7
Табигый беттөөчү таш
кв.км
500
8
Рудалык эмес пайдалуу кендер
кв.км
1000
Эскертүү: классификациялык таблицада белгиленген пайдалуу кендердин эки же андан көп түрүн геологиялык изилдөө аянтын лицензиялоодо бонус көрсөтүлгөн аянттын өлчөмүнө жараша пайдалуу кендин ар бир түрү боюнча алынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын…Постановление · 04.10.2021 · № 196
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.07.2019 · № 339 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы №350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Постановление · 13.06.2013 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген "Кыйыр ыкмалардын негизинде салык милдеттенмелерин аныктоо"ыкмасы30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген "Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, каттоо жана пломбалоо"тартибиПорядок · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген "Товарлар сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготконуна байланыштуу рыноктук бааны…Порядок · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген "Ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товардын наркы жоголгонун документ менен…Порядок · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- Порядок признания и списания безнадежной задолженности налогоплательщика (утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 30 декабря 2008 года № 736)Порядок · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы №410 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.06.2009 · № 410 · Күчүн жоготкон
- КР Окмотунун 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.09.2009 · № 577 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын…Постановление · 12.09.2011 · № 542 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын…Постановление · 04.10.2021 · № 196
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы №350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Постановление · 13.06.2013 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.07.2019 · № 339 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы №410 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.06.2009 · № 410 · Күчүн жоготкон
- КР Окмотунун 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.09.2009 · № 577 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон