Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товардын наркы жоголгонун документ менен ырастоо»тартиби
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 12 августа 2022 года № 447 "О мерах по реализации статей 297 и 353 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-12.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген
Ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товардын наркы жоголгонун документ менен ырастоо ТАРТИБИ
1. Ушул Ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товарды жоготуу-
нун наркын документ менен ырастоонун тартиби (мындан ары - Тартип) Кыр- гыз Республикасынын Салык кодексинин 232-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан.
2. Тартиптин 1-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча зыян тартыл-
ган учурда айылдык товар өндүрүүчүлөр жана мүлк салыгын төлөөчүлөр (мындан ары - салык төлөөчүлөр) зыяндын өлчөмүн аныктоо жана жер салы- гын жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу жөнүндө салык органдарына арыз менен кайрылышат.
3. Салык төлөөчүлөрдүн зыянынын өлчөмүн аныктоо үчүн жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү райондук (шаардык) салык орган- дарынын тиешелүү башкармалыктарынын сунушу боюнча жергиликтүү мамлекет- тик администрациясынын, салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү кењештин депутаты (ма- кулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер маселе- лери боюнча адиси, өрткө каршы кызматтын адиси курамына кирген комиссия түзөт.
4. Комиссия келтирилген зыяндын өлчөмүн, салык төлөөчүнүн зыянга
учураган жеринин (жер үлүшүн) жана мүлкүнүн санын тактайт, зарыл болгон учурда Гидрометеорология кызматынан тийиштүү маалымкат алат жана андан кийин акт түзөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет жана жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
5. Комиссиянын актысында табигый кырсык болгон убакыт жана анын
орду, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталыштарын көрсөтүү менен жапа чеккен жердин аянты, салык төлөөчүнүн зыянга учураган мүлкүнүн саны көрсөтүлөт жана бошотула турган жер салыгынын жана мүлк салыгынын суммасынын өлчөмү аныкталат.
6. Комиссия өзүнүн актысын, салык төлөөчүнүн карызы жөнүндө маа-
лымкатты жана башка документтерди тиркөө менен жергиликтүү кењешке жапа чеккен жердин аянтын жана бошотула турган жер салыгынын жана мүлк салы- гынын суммасынын өлчөмүн көрсөтүү менен айыл чарба жерлери боюнча жер салыгынан толук же жарым-жартылай бошотуу жөнүндө маселени кароо үчүн жазуу жүзүндө кайрылат. Жергиликтүү кењеш бардык зарыл документтерди иликтегенден кийин салык төлөөчүнү жер салыгынан жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297 жана 353-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 12.08.2022 · № 447
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон