Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-статья. Жеке медициналык практика жана фармацевттик иш
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2017 года № 167
Жеке медициналык практика жана фармацевттик иш дары-дармек жардамдарынын этикалык ченемдерин жана коопсуздугун сактоо менен медициналык, профилактикалык жана фармацевттик кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди жүзөгө ашырууну кепилдикке алган, мыйзамдуулуктун принциптеринин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Жеке медициналык уюмдар жана жекече иш жүргүзгөн медициналык кызматкерлер саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан медициналык иштин белгилүү бир түрлөрүнө берилген лицензиялардын негизинде өз иштерин жүзөгө ашырышат. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген жеке медициналык уюмдар өз иштерин милдеттүү аккредитациялоонун негизинде жүргүзүшөт. Жеке медициналык уюмдардын иши лицензия берүүчүнүн (лицензияны чакырып алуу), уюмдаштыруучунун (менчик ээсинин) жана/же соттун чечими боюнча токтотулушу мүмкүн. Жеке медициналык иштин субъекттери төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- жарандар, уюмдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, саламаттык сактоо жаатындагы башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- мамлекеттик кепилдиктер, медициналык камсыздандыруу программаларын, максаттуу саламаттык сактоо программаларын ишке ашырууга катышууга;
- медициналык документтерди, анын ичинде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте медициналык документтердин катуу отчеттуулугунун бланктарын пайдаланууга;
- пациенттерге медициналык жардамдарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон медициналык маалыматтарды алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан медициналык уюмдардан алууга;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашырууда колдонулбаган мамлекеттин жана/же муниципалдык менчиктин мүлкүн ижарага берүү же финансы ижара келишиминин (лизинг) негизинде убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн акы алууга.
Жеке медициналык уюмдар жана жекече иш жүргүзгөн медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандай статистикалык эсеп жүргүзүүгө, аларга медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү боюнча отчеттуулукту саламаттык сактоо органдарына көрсөтүүгө, алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттүү. Менчиктин жеке түрү менен саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле жекече медициналык иш жүргүзгөн адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар жана кызматтары менен өз ара аракеттенүүлөрү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Менчиктин жеке түрү менен саламаттык сактоо уюмдары Бирдиктүү төлөөчүнүн милдетин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишимдин негизинде Мамлекеттик кепилдиктердин программаларын ишке ашырууга катыша алышат. Жеке медициналык иштин субъекттери көрсөткөн медициналык-санитардык жардамдардын сапатын контролдоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, алардын уставдык ишине ылайык пациенттердин укуктарын коргоо боюнча башка уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Жеке медициналык жана фармацевттик иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын ишин контролдоо ишкердиктин субъекттерин текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 53, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 февраля 2009 года № 53 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын ишин контролдоо алынып салынды: саламаттык сактоо жаатындагы кошулду: ишкердиктин субъекттерин текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын алынып салынды: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан кошулду: мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № алынып салынды: 53 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 53, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>