15-статья. Элдик медицина менен алектенүү укугу (табышчылык)
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Элдик медицина - бул элдик салттарда бекемделген адамдардын көптөгөн муундарынын тажрыйбасына негизденген ден соолукту чыңдоонун, алдын алуунун, диагноздоонун жана дарылоонун усулдары. Элдик медицина менен алектенүү укугуна медицина жана элдик медицина жаатында атайын даярдыктан өтүшкөн, табыптын дипломун алышкан, ошондой эле лицензиясын алган Кыргыз Республикасынын жарандары ээ болушат. Элдик медицина жаатындагы табыптарды даярдоонун жана аларга лицензияларды берүүнүн тартиби саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. Массалык түрдө табыпчылык жүргүзүүгө тыюу салынат. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу табыпчылыктын усулдары жана каражаттары жөнүндө жарнамалоого тыюу салынат. Табыпчылыктын натыйжасында адамдын саламаттыгына же өмүрүнө зыян келтирүү кылмыш катары жаза тартууга кириптер кылат. Табыпка лицензия берген саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы алардын алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо жагындагы анын иштери үчүн мониторинг жүргүзүшөт. Пациенттин саламаттык абалынын начарлашына же анын өлүмүнө алып келген ар бир учур саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын медициналык комиссиясы тарабынан териштирилет.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>