13-статья. Медициналык билим берүү жана медицина илими
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2017 года № 167
Кыргыз Республикасындагы жогорку же кесиптик орто медициналык билим берүү уюмдарын бүтүргөн жарандар, ошондой эле чет мамлекеттердин ушундай эле окуу жайларын бүтүргөн адамдар медициналык жана фармацевттик кызматкердин кесибине ээ болушат. Кыргыз Республикасында медициналык кызматкерлерди даярдоо ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрларды пайдалануунун жана жылдыруунун ар жылдык мониторингин жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан мамлекеттик тапшырык тартибинде жүзөгө ашырылат. Жогорку кесиптик медициналык билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери альтернативалык негизде, жашыруун добуш берүү менен илимий даражасы бар адистердин ичинен профессордук-окутуучулук курамынын жалпы чогулушунда 5 жылдык мөөнөткө шайланышат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызматка бекитилет. Билим берүү уюмдарындагы медициналык кызматкерлерди даярдоонун сапатын башкаруу алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Кесиптик медициналык билим берүү уюмдары менен саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоонун болочок адистерин даярдоо процессиндеги өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо жаатындагы илимий ишмердик илим-изилдөө уюмдары (илим-изилдөө институттары, илимий-практикалык борборлор жана башка илимий уюмдар), жогорку медициналык (фармацевттик) билим берүү мекемелери, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин кесибин жогорулатуу уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ведомстволорго караштуу медициналык илим-изилдөө уюмдарына, жогорку медициналык (фармацевттик) билим берүү мекемелерине, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюмдарына жетекчилик кылуу, саламаттык сактоо жаатындагы илим-изилдөө иштерин координациялоо, саламаттык сактоо тутумдары үчүн жогорку кесиптеги илимий кадрларды даярдоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сактоонун болочок адистерин даярдоо процессиндеги өз ара мамилелер алынып салынды: саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын алынып салынды: ыйгарым укуктуу органы кошулду: Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
Саламаттык сактоо жаатындагы … кесиптеги илимий кадрларды даярдоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын алынып салынды: саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кошулду: Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августу № 456 ""Жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 07.08.2013 · № 456 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-13" title="13-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>