12-статья. Менчигинин түрү жеке болгон, жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 апреля 2009 года № 129
Менчигинин түрү жеке болгон, жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Менчигинин түрү жеке болгон, ошондой эле жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары жана кызматтары менен өз ара аракеттенүүсү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Менчигинин түрү жеке болгон, саламаттык сактоо уюмдар жана жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдар Бирдиктүү төлөөчүнүн милдетин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга катышышы мүмкүн. Жеке медициналык жана фармацевттик иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын иштерине контролду Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. (КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>