Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-статья. Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык Сактоо уюмдарын башкаруу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана башкаруучулук автономияга ээ. Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык сактоо уюмуна жогорку кесиптик билими (медициналык экономикалык, мамлекеттик башкаруу) бар, саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте "саламаттык сактоону башкаруу" адистиги боюнча аттестациядан жана каттоодон өткөн жетекчилер башчылык кылат. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоо тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоонун муниципалдык уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу жана координациялык комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын ишин координациялоо төрага - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын башчысы же анын орун басары башчылык кылган саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссия аркылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык кызматтардын ишин башкаруу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык кызматтар түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар жана саламаттык сактоо кызматтары эриш-аркак иш жүргүзүшөт.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>