10-статья. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2017 года № 167
Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын негизги милдеттери болуп:
- жарандардын саламаттык сактоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы Мамлекеттик кепилдиктердин программасын, саламаттык сактоонун максаттуу комплекстүү программаларын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- медициналык, фармацевттик кадрларды мамлекеттик каттоону жана эсепке алууну уюштуруу, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин тандоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- саламаттык сактоону, медициналык жана фармацевттик илимди өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү;
- тармактар аралык жана секторлор аралык координацияны, ошондой эле жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды ишке ашыруу боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
- саламаттык сактоонун медициналык, билим берүүчүлүк, илим изилдөөчүлүк, санитардык-эпидемиологиялык жана башка уюмдарынын тутумун жетектөө;
- медициналык-санитардык жана санитардык-профилактикалык жардамдын сапатын башкаруу;
- билим берүү уюмдарында менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан дипломго чейинки жана андан кийинки медициналык билим берүүнүн сапатын координациялоо;
- дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун контролдоону камсыз кылуу;
- үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарындагы жогорку технологиялуу медициналык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды жана эң жаңы технологиялардын киргизилишин камсыз кылуу;
- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоонун аймактык органдарынын жана уюмдарынын ишин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары аркылуу координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашыруу;
- калктын саламаттыгынын абалын талдоо саналат.
Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгынын абалы жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматтары Кыргыз Республикасында жарандарга уюм тарабынан адистештирилген медициналык-санитардык жардам берүүгө усулдук жетекчиликти камсыз кылат. (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…медициналык билим берүүнүн сапатын координациялоо;
- дары-дармек алынып салынды: каражаттарынын, медицина багытындагы буюмдардын кошулду: каражаттарынын жана медициналык алынып салынды: жабдуулардын кошулду: буюмдардын сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун контролдоону камсыз … жардам берүүгө усулдук жетекчиликти камсыз кылат.
кошулду: (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>