24-статья. Кыймылсыз мүлккө каттоону жүргүзүү жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалымат
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204
1. Мамлекеттик же коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган инсандыкты ырастаган документин (юридикалык жактарга карата - алардын каттоодон өткөнүн жана алардын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди) көрсөткөн кимге гана болбосун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
Катталган укуктар жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтар тутумунан (КБМС) Интернет тармагы аркылуу берилиши мүмкүн.
2. Кыймылсыз мүлккө карата катталган укуктар жөнүндө маалымат кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө түрүндө берилет, анда төмөнкүлөр камтылат:
- кыймылсыз мүлк объектисинин сыпаттамасы;
- укук ээсинин аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы);
- маалымат берилип жаткан учурга карата чыныгы укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар;
- чектөөлөр (түйшүккө салуулар) коюлган мөөнөт.
Арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча төмөнкүдөй кошумча маалымат бсрилет:
- кыймылсыз мүлккө карата мурда катталган укуктар жөнүндө;
- салык салуу максатында кыймылсыз мүлктүн нарктык баасы жөнүндө;
- кыймылсыз мүлк бирдигинин кадастрлык планынын көчүрмөсү.
Жергиликтүү каттоочу орган арыз ээсинин каалоосу боюнча өзүнчө акы алуу менен кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо баракчасын берет.
3. Айрым жактын өзүнө таандык кыймылсыз мүлк объекттери жөнүндө жалпыланган маалыматтар, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн каттоо китепчесиндеги документтердин көчүрмөлөрү төмөнкүлөргө гана берилет:
- укук ээсинин өздөрүнө;
- укук ээсинен ишеним кат алган жеке жана юридикалык жактарга;
- өндүрүшүндө айрым кыймылсыз мүлк объекттерине жана (же) алардын укук ээлерине байланыштуу иштер турган сотторго жана укук коргоо органдарына;
- салык органдарына;
- кыймылсыз мүлккө укук универсал укук мураскорлугу иретинде өткөн жактарга.
4. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоочу орган кыймылсыз мүлктүн укук ээсинин суроо-талабы боюнча анын укугу бар кыймылсыз мүлк объектиси жөнүндө маалыматтарды алышкан жактар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
5. Кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилөөчү тартипте тийиштүү акы төлөө менен берилет.
6. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
7. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды жерлерди пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
8. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга жарандар тарабынан турак жайына менчик укугун же Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык жекече турак жай үйүн куруу үчүн жер участогун алгандыгы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
9. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жөнүндө маалыматты акысыз негизде берүүгө милдеттүү.
(КР 2006-жылдын 16-февралындагы № 58, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 228, 2012-жылдын 8-августундагы № 155, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 183, 2013-жылдын 9-июлундагы № 124, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июля 2013 года № 124 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2012 года № 183 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2012 года № 155 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним" "Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 октября 2008 года № 228 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 февраля 2006 года №58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
22.09.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн жер участогун алгандыгы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
кошулду: 9. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жөнүндө маалыматты акысыз негизде берүүгө милдеттүү.
(КР 2006-жылдын 16-февралындагы № 58, 2008-жылдын 17-октябрындагы № … № 183, 2013-жылдын 9-июлундагы № 124, 2018-жылдын 6-августундагы № алынып салынды: 88 кошулду: 88, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз…Постановление · 14.10.2024 · № 619
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо…Положение · 25.11.2010 · № 301 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке предоставления информации местными регистрационными органами Госрегистра Кыргызской Республики (Утверждена приказом Государственного агентства по регистрации…Инструкция · 02.11.2004 · № 158 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госагентства по регистрации прав на недвижимое имущество при Правительстве КР от 6 сентября 2006 года №159 «Об утверждении изменений и дополнений в инструкцию «О порядке…Приказ · 06.09.2006 · № 159 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-24" title="24-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>