Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу» жобосу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 ноября 2025 года № 733 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики и Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере регистрации прав и предоставления данных о недвижимости"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-10.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230, 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 , 2019-жылдын 9-августундагы № 407, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан (мындан ары - КМБМС) кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Департамент) жергиликтүү каттоо органдары тарабынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыймылсыз мүлктүн бирдигине болгон укуктар жана татаалдыктар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык берилет.
II. КМБМСтан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби
3. Катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтар КМБМСтан онлайн режиминде Интернет-порталы аркылуу берилет, мында идентификациялоо системасы, суроо-талаптарды аутентификациялоо жана ыйгарым укуктарды текшерүү колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
4. КМБМС - кыймылсыз мүлккө укуктардын автоматташтырылган реестри.
5. Катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтар КМБМСтан бир жолку жана келишимдик негизде, колдонуучуну автордоштуруу жолу менен берилет.
6. КМБМСтан онлайн режиминде төмөнкүдөй маалымат берилиши мүмкүн:
- Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө, бул көчүрмөдө "Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалыматтар камтылат (4-тиркеме);
- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат (9-тиркеме);
- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме);
- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат (11-тиркеме);
- кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар;
- кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар;
- кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары (жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин пландары, индекстелген каттоо картасынын фрагменттери);
- кыймылсыз мүлк рыногунун анализи;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кыймылсыз мүлк жөнүндө башка маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230, 2019-жылдын 9-августундагы № 407 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 6-1. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук жок болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык) 6-2. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат (11-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук бар болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Айрым адамдын кыймылсыз мүлкүнө болгон укугу жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтар "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аталган адамдарга берилет.
8. Көрсөткөн мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтардын наркы (кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар, маалымкаттар жана КМБМСтан көчүрмөлөр) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин белгиленген тартипте бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
9. КМБМСтан маалыматтар акы төлөө негизинде берилет.
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар (кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар, маалымкаттар жана КМБМСтан көчүрмөлөр) КМБМСти күтүүгө жана өнүктүрүүгө жумшалат.
III. Жергиликтүү каттоо органдары тарабынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби
11. Белгиленген үлгүдөгү арыздын бланкында (7-тиркеме) берилгенде кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана татаалдыктар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар маалымкаттар жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөр түрүндө жергиликтүү каттоо органдары тарабынан берилет.
12. Маалыматтар белгиленген формадагы бланкта, суроо-талап берилген кыймылсыз мүлктүн каттоо ишиндеги маалыматтарга ылайык берилип, жергиликтүү каттоо органынын каттоочусу тарабынан таризделип, ага ыйгарым укуктуу адамдар кол коюп, жергиликтүү каттоо органынын мөөрү менен ырасталат. Укук ээсинин же анын ишенимдүү адамынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча каттоо карточкасы карап чыгуу үчүн жергиликтүү каттоо органынын каттоочусу тарабынан берилет.
13. Маалыматтарды берүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Акы төлөө арыз берилгенде жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция арызга тиркелет.
14. Жергиликтүү каттоо органы суралып жаткан маалыматтарды кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган монополияга каршы орган менен макулдашып аныктаган мөөнөттө арыз ээсине берет же негиздүү баш тартууну жазуу жүзүндө (6-тиркеме) берет. Суралган маалыматтарды берүүдөн баш тартуу арыз ээси тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жергиликтүү каттоо органдары берүүчү маалыматтар маалымат берүү учуруна карата кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана татаалдыктар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.
16. Кыймылсыз мүлктүн мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтар акыркы техникалык иликтөөнүн учуруна карата алынган маалыматтарды чагылдырат.
17. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө документ болуп эсептелет, ал кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастайт жана өзүн күбөлөндүргөн документти көрсөткөн адамга жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет.
Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө пособиелерди, жеңилдиктерди алуу, кыймылсыз мүлк бирдиктерине болгон менчик укугун ырастоо жана башка максаттар үчүн берилет. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө учурдагы иликтөөсүз эле берилет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык)
18. (Биринчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө маалымкат (N 3 форма, 3-тиркеме) жергиликтүү каттоо органынын маалыматы боюнча арыз ээсинде кыймылсыз мүлккө болгон катталган укугу жок болгон учурда берилет. Эгерде жергиликтүү каттоо органынын архивинде арыз ээсинин атына документтер бар болуп, бирок алар мамлекеттик каттоодон өтпөсө, анда берилүүчү маалымкатта бул жөнүндө эскертүү түрүндө жазылат. Жер участогунун иш жүзүндөгү аянтынын же курулманын негизги аянтынын укукту белгилөөчү документте аталган аянтка туура келбей калышы, жеке менчиктеги жер участогунда кыймылсыз мүлктүн арналышын өзгөртпөгөн кошумча курулмалардын, чарбалык курулмалардын курулушу жана курулмаларды реконструкциялоонун жүргүзүлүшү маалымкатты берүүдөн баш тартууга негиз болуп эсептелбейт. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Мурда техникалык инвентаризациялоо бюросунун (ТИБ) органында катталып, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле маалыматтарды берүү учурунда системалуу каттоосу аяктай элек кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалымат Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин гана берилет.
Укук ээсинин суроо-талабы боюнча жергиликтүү каттоо органы ошол укук ээсинин укугу бар кыймылсыз мүлк объектти жөнүндө маалыматтарды алган адамдар тууралуу маалыматтарды берет. Салык салуу максаттары үчүн арыз ээсинин суроо-табалы боюнча кыймылсыз мүлктүн бааланган наркы жөнүндө маалыматтарды, ушул кыймылсыз мүлккө болгон мурда каттоодон өткөн укуктар жөнүндө маалыматтарды, кыймылсыз мүлктүн кадастрдык планынын көчүрмөлөрүн, кагаз жана/же электрондук түрдөгү графикалык маалыматтарды жергиликтүү каттоо органы берет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Белгиленген үлгүдөгү бланкта кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүү тууралуу келип түшкөн арыздар жана маалыматтарды берүү кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды алуу тууралуу арыздарды жана ал маалыматтарды берүүнү каттоо журналына (8-тиркеме) катталат. Кириш каттар боюнча келген, маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар, ошондой эле алар боюнча берилген маалыматтар жергиликтүү каттоо органынын жалпы бөлүмүндө катталат. Маалымат берүү тууралуу суроо-талап жалпы бөлүм аркылуу түшкөндө, суроо-талап жалпы бөлүмдүн түшкөн документтер журналына катталат жана документтерди кабыл алуу жана берүү залына документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адиске токтоосуз берилет. Ошол эле учурда жеке жактардын суроо-талаптарын кошпогондо, маалымат алуу жөнүндө суроо-талаптар төмөнкүдөй болууга тийиш:
- фирмалык бланкта болушу, же бурчтук штамп коюлушу керек;
- чыгыш номуру жана датасы болушу керек;
- суроо-талап берген органдын жетекчиси кол коюшу керек;
- суроо-талап негиздүү болушу керек.
Жергиликтүү каттоо органынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арыз, берилген маалыматтан көчүрмөсү, кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду (5-тиркеме) маалымат берилген кыймылсыз мүлктүн объектисинин каттоо ишине тиркелет, ал эми ал жок болсо, өзүнчө папкага тиркелет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Каттоонун автоматташтырылган системасы (КАС) киргизилген жергиликтүү каттоо органдарында арыздар кабыл алынып, ал эми кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арыздарды жана берилген маалыматтарды каттоо журналы (8-тиркеме) электрондук түрдө жүргүзүлөт.
22. Маалымат берүү мөөнөтү сакталбаган учурда арыздын өз убагында аткарылбай калышына күнөөкөр адис кызматтык милдеттерин бузгандыгы үчүн тартип жоопкерчилигин тартат (арыздын өз убагында аткарылбай калышынын себептери жөнүндө түшүнүк кат каттоо ишинде сакталат). Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган монополияга каршы орган менен макулдашып аныктаган мөөнөттүн коэффициенти бар иштердин мөөнөттөрү сакталбаган учурда айырма кардарга милдеттүү түрдө кайтарылып берилет, мында аткарылган иштердин көлөмү жана мөөнөтү эске алынат.
23. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. Жергиликтүү каттоо органдары тарабынан каттоо ишинен документтердин көчүрмөсүн берүүнүн тартиби
24. Каттоо ишинен документтердин көчүрмөсү берилген арыздын негизинде (7-тиркеме), "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык адамдарга берилет.
Каттоо ишиндеги документтерден алынган көчүрмөлөргө "Көчүрмө туура" деген жазуу жазылат. Документтердин көчүрмөсүнө башкармалыктын негизги каттоочусу кол коюп, ал жергиликтүү каттоо органынын мөөрү менен ырасталат.
1-тиркеме
Маалымкат берилген күндөн баштап 6 айдын ичинде жарактуу
N 1 форма
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө МААЛЫМКАТ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-тиркеме
Маалымкат берилген күндөн баштап 6 айдын ичинде жарактуу
N 2 форма
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө МААЛЫМКАТ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-тиркеме
Маалымкат берилген күндөн баштап 6 ай бою жарактуу
N 3 форма
Жергиликтүү каттоо органынын маалыматы боюнча кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө МААЛЫМКАТ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык) 20__-жылдын "___" _______________ N _______ Берилди _______________________________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү) _______________________________________________________________________ жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын маалыматы боюнча ______________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү) кыймылсыз мүлк катталган эмес.
Эскертүү:
М.О.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын начальниги ______________ ________________________ (начальниктин (начальниктин аты жөнү) колу) Каттоочу __________________ ____________________________________ (каттоочунун колу) (каттоочунун аты жөнү)
4-тиркеме
Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен КӨЧҮРМӨ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык) 20__-жылдын "___" _______________ N _______ Берилди __________________________________________________________ (жеке адамдын аты-жөнү, маалыматты суратып жаткан ___________________________________________________________________ юридикалык жактын толук аталышы) Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду __________________ _______________________________________________________________________ Дареги: ____________________________ облусу _______________ району __________________________________________________________ айыл округу. Калктуу конуштун аталышы: ________________________________________ _____________________________ көчөсү, N __________ кв. N ______________ Кыймылсыз мүлктүн түрү: __________________________________________ ________________________________________________ жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкарма тарабынан укукка мамлекеттик каттоо __________________________________________________________________ жүргүзүлгөн. (толук, алдын ала) Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө маалымат
N
Менчик ээси/ээлери (жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы)
Жалпы биргелешкен/ жалпы үлүштүк менчик
Кыймылсыз мүлк бирдигине укукту ырастоочу документтер
Мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күнү, убактысы, (саат, мүнөт)
Менчик ээсинин жалпы менчиктеги үй ичиндеги бөлмө-жайларга, үй алдындагы жер участогуна жана анда жайгашкан объекттерге үлүшү жөнүндө маалымат
Жалпы менчиктеги кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду
Менчик ээсинин жалпы менчиктеги үлүшү
Кыймылсыз мүлк бирдигинин бенефициардык укуктары жөнүндө маалымат
N
Пайда алуу укугу
Пайда алуу укугун далилдөөчү бенефициардык документ
Чектелген кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду
Мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күнү, убактысы, (саат., мүнөтү)
Кыймылсыз мүлк бирдигине татаалдыктардын (чектөөлөрдүн) жоктугу же бардыгы жөнүндө маалымат
N
Бенефициардык бирдик же жак
Чектөөлөрдүн түрү
Чектөөчү документ
Мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күнү, убактысы, (саат., мүнөтү)
Эскертүү: Көчүрмө ал берилген учурдагы кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жана чектөөлөр тууралуу маалыматтарды чагылдырат.
М.О.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы ______________ ___________________ (башчынын колу) (башчынын аты жөнү) Каттоочу ____________ _____________________ ____________________ (каттоочунун (каттоочунун (күнү жана убактысы, колу) аты-жөнү) сааты, мүнөтү)
5-тиркеме
_____________________________________ Жергиликтүү каттоо органынын аталышы Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартуу жөнүндө КОРУТУНДУ Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду __________________ _______________________________________________________________________ Дареги: ____________________ облусу _______________________ району айыл округу ___________________________________________________________ калктуу конуштун аталышы ______________________________________________ ____________________________________ көчөсү N _______ N ______ квартира 20__-жылдын "__"______________ N _____ арызы боюнча берилген документтерди кароонун жыйынтыгында, төмөнкүлөрдүн негизде маалымат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды: _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Каттоочунун аты-жөнү жана колу _____________________________________________________________ Каттоо бөлүмүнүн башчысынын аты-жөнү жана колу _______________________________________________ Күнү 20__-жылдын "__" ___________
6-тиркеме Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартуу жөнүндө БИЛДИРҮҮ Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду __________________ _______________________________________________________________________ Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги _________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Ушуну менен арыз ээсине билдиребиз _______________________________ _______________________________________________________________________ (аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы) 20__-жылдын "__" _______________ N ______________ арызы боюнча берилген документтерди кароонун жыйынтыгында, _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ негизинде МААЛЫМАТ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ жөнүндө чечим кабыл алынды. Күнү 20__-жылдын "__" ____________ МО Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы _____________ ___________________________ колу аты-жөнү
7-тиркеме Жергиликтүү каттоо органынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат алууга АРЫЗ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык) Жеке жак үчүн: Арыз ээсинин аты-жөнү: ___________________________________________ Жашаган жери (дареги): _________________________ тел. ____________ Өзүн күбөлөндүрүүчү документ: түрү ___________ сериясы N _________ берилген __________________________________ берилген күнү _____________ ____-жылдын "__" _________________________ ишеним каттын негизинде _____________________________ атынан иштеген Юридикалык жак үчүн: Юридикалык жактын толук аталышы __________________________________ Күбөлүктүн каттоо номери ________________________________ почталык дареги ____________________ ________________________ тел. ______________ Аты-жөнү (жетекчинин же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) ________________ _______________________________________________________________________ негизинде (кайсы документтин) _________________________________________ Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги _________________________________ Төмөнкү документтерди берүүнү суранам: каттоо карточкасынын көчүрмөсүн кыймылсыз мүлктүн жоктугу тууралуу маалымкат каттоо ишинен документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө мурда катталган укуктар тууралуу маалымат кыймылсыз мүлк объектиси тууралуу маалымат алган жактар жөнүндө маалыматтар баалоо наркы тууралуу маалымат Маалыматты тез аранын ичинде берүүнү суранам ______________________________________________________________________, (графа тез аранын ичинде каттоо керек болсо толтурулат) мөөнөттүн коэффициенти _______________________________________, аткаруу мөөнөтү (күн, саат) ___________________________________________________ Техникалык өлчөмдөрдө өзгөрүүлөр жок. Арыз ээсинин колу __________ Төлөнгөндүгү тууралуу документ тиркелет: түрү _________ N ________ ____________________________________________________________ суммасында Күнү 20__-жылдын "__" __________________ Арыз ээсинин колу: _______________________________________________ Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адистин аты-жөнү ______ жана колу _____________________________________________________________ Арыздын түшкөн күнү 20__-жылдын "__" _____________ Убактысы _________________ (сааты, мүнөтү)
8-тиркеме Кыймылсыз мүлк бирдиги тууралуу арызды кабыл алууну жана маалымат берүүнү каттоо ЖУРНАЛЫ
N
Арызды берүү күнү жана убагы
Арыз ээлеринин аты-жөнү же маалымат сурап жаткан органдын аталышы
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентифи- кациялык коду жана дареги
Берилген маалымат
Төлөнгөндүгү тууралу квитанциянын N (сумма)
Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адистин аты-жөнү
Документтерди берген же арызды кабыл алуудан баш тарткан күн
Маалымат алган жактын аты-жөнү жана колу
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Эскертүү: Журнал акы төлөө негизинде арыз берилгенде толтурулат. N 1 графада жазуунун катар номери көрсөтүлөт; N 2 графада арыз берүү убагы, күнү, айы, жылы көрсөтүлөт; N 3 графада маалымат сурап жаткан органдын аталышы көрсөтүлөт; N 4 графада кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду жана дареги көрсөтүлөт; N 5 графада берилген маалыматтын түрү көрсөтүлөт (күрөөгө маалымкат, сатуу, белекке берүү, алмашуу, мураска кирүү ж.б.); N 6 графада квитанциянын номери жана төлөнгөн сумма көрсөтүлөт; N 7 графада документтерди кабыл алган, документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адистин аты-жөнү көрсөтүлөт; N 8 графада маалымат берилген күн, ай, жыл көрсөтүлөт; N 9 маалымат алган жактын аты-жөнү көрсөтүлөт жана колу коюлат.
9-тиркеме Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу МААЛЫМКАТ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык) 20__-жылдын "___" _______________ Берилди __________________________________________________________ (жеке адамдын аты-жөнү, маалыматты суратып жаткан _______________________________________________________________________ юридикалык жактын толук аталышы) Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду __________________ Дареги: ____________________________ облусу _______________ району __________________________________________________________ айыл округу. Калктуу конуштун аталышы: ________________________________________ _____________________________ көчөсү, N _________, N ______________ кв. Кыймылсыз мүлктүн түрү: __________________________________________ Пайдалануунун түрү: ______________________________________________ Максаттуу арналышы: ______________________________________________ Кыймылсыз мүлккө менчик укугунун таржымалы
N
Менчик ээси/ээлери (жеке адамдын аты-жөнү же датасы юридикалык жактын аталышы)
Мамлекеттик каттоодон өткөн
Токтотулган датасы
Үлүш
Жалпы биргелешкен/ жалпы үлүштүк/ менчик
Кыймылсыз мүлк бирдигине укукту ырастоочу документтер
Кыймылсыз мүлк бирдигинин бенефициардык укуктары жөнүндө таржымал
N
Пайда алууга укугу
Пайда алууга укукту ырастоочу бенефициардык документ
Кыймылсыз мүлктүн чектөө салынган бирдигинин идентификациялык коду
Мамлекеттик каттоодон өткөн датасы
Токтотулган датасы
Кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн жок же бар экендиги жөнүндө таржымал
N
Бенефициардык бирдик же жак
Чектөөнүн түрү
Чектөөгө документ
Мамлекеттик каттоодон өткөн датасы
Токтотулган датасы
М.О.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын начальниги ______________ ________________________ (начальниктин (начальниктин аты жөнү) колу) Каттоочу __________________ ____________________________________ (каттоочунун колу) (каттоочунун аты жөнү)
10-тиркеме Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу МААЛЫМКАТ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык) 20__-жылдын "___" _______________, 00:00 Берилди _________________________________________________________, (арыз ээсинин аты-жөнү) Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтарына ылайык ________________________________________________________________ (жеке жактын аты-жөнү, юридикалык жактын толук аталышы) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталган эмес.
М.О.
Адис _________________ _________________________________________ (колу) (аты-жөнү)
11-тиркеме Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу МААЛЫМКАТ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 230 токтомунун редакциясына ылайык) 20__-жылдын "___" _______________, 00:00 Берилди __________________________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү) Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматына ылайык ___________________________________________________________________ (жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталган:
КМБ коду
Дареги
Арналышы
Пайдалануу формасы
Кыймылсыз мүлк бирдигине болгон укукту ырастоочу документтер
Катталган датасы
Токтотулган датасы
М.О.
Адис _________________ _________________________________________ (колу) (аты-жөнү)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 6
Шилтеме берет (7)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктарды…Постановление · 10.11.2025 · № 733
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо…Постановление · 25.11.2010 · № 301 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №230 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы№301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын…Постановление · 03.05.2013 · № 230 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6-главасынын 55-пункту (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Государственный стандарт · 29.05.2024 · № 157 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 03.03.2016 · № 109 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын…Постановление · 22.03.2023 · № 153 · Күчүн жоготкон