Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 17-октябры № 228
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды
мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу
2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-
лекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.)
төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды
мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган "Терроризмди каржылоого жана
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) кар-
шы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык терро-
ризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализа-
циялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органга
кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалымат берүүгө мил-
деттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
Шилтеме берет (1)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153