Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 9-июлу № 124
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 4, 193-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "квартира" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "батир" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "квартиралуу" деген сөз "батирлүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 24-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга жарандар тарабынан турак жайына менчик укугун же Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык жекече турак жай үйүн куруу үчүн жер участогун алгандыгы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.".
4. 38-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-статья. Жалпы менчиктеги имараттарда жайгашкан батирлерге жана башка жайларга укуктарды мамлекеттик каттоо
1. Турак жана турак эмес жайлардан турган көп батирлүү үйлөрдөгү кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигине өзүнүн идентификациялык номери ыйгарылат жана ар бир бирдикке каттоо карточкасы жана каттоо китепчеси жүргүзүлөт.
2. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайларга укуктарды каттоо көп кабаттуу үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайдын менчик ээлеринин жалпы мүлкүнө үлүштөргө укуктар жөнүндө маалыматтарды каттоо документтерине милдеттүү киргизүү менен жүргүзүлөт.
Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү турак жай ээлеринин үлүшүнүн өлчөмү көп батирлүү үйлөрдөгү бардык турак жана турак эмес жайлардын жалпы аянтына карата бир менчик ээсинин турак же турак эмес жайынын жалпы аянтына мамилеси катары аныкталат.
3. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү менчик ээлеринин үлүшүнүн өлчөмү, эгерде жалпы мүлк турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан башкарылса, турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиги же менчик ээлеринин башка бирикмелери же менчик ээлеринин макулдашуусу менен аныкталат.
4. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайдын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү үлүштүн өлчөмү жөнүндөгү маалыматтар менчик ээлеринин тизмеси же менчик ээлеринин макулдашуусу түрүндө жол-жоболоштурулат жана турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиги, менчик ээлеринин башка бирикмелери же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан ушундай тизме түзүлгөн күндөн тартып, эгерде жалпы мүлк турак жана турак эмес жай менчик ээлери тарабынан башкарылса, 30 күндүн ичинде жергиликтүү каттоо органдарына берилет.
5. Жергиликтүү каттоо органдары берилген маалыматтарды бекер алууга жана алардын келип түшкөн датасын жана убактысын көрсөтүү менен тиешелүү документтерди каттоого алгандыгы жөнүндө тил кат берүүгө милдеттүү.
6. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү менчиктин үлүшү жөнүндөгү маалыматтар жергиликтүү каттоо органдарына алар өзү келүү тартибинде кайрылганда кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөсү камтылган документке киргизилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 830-V "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 30.06.2011 · № 830-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 3-ноябры № 1265-V "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 03.11.2011 · № 1265-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3129-V "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 30.05.2013 · № 3129-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту ден табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2011 · № 266-V
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №68 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 05.02.2010 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153