1-статья. Терминдер жана аныктамалар
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү
мамлекеттик каттоо (мындан ары - укуктарды мамлекеттик каттоо) - мамлекет тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды, аларды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү), ошондой эле ушул Мыйзамда каралгандан тышкаркы учурларда катталган укуктар менен түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) коргоону камсыз кылуучу кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү да таануунун жана тастыктоонун юридикалык акты.
2. Кыймылсыз мүлк - жер участоктору, кен байлыктарынын участоктору, өзгөчөлөнгөн суу объекттери жана жерге байланышкан, алардын багытталышына жараша зыян келтирмейинче жылыштырууга мүмкүн болбогон бардык нерселер, анын ичинде токойлор, көп жылдык көчөттөр, имараттар, курулуштар ж.б.
3. Кыймылсыз мүлк бирдиги (кыймылсыз мүлктөр) - өзүнчө белгиленген чеги бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке же юридикалык жактардын, мамлекеттик же муниципалдык менчикте же пайдаланууда турган жер участогу, имарат, курулуш, батир же дагы башка кыймылсыз мүлк.
(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Каттоо тутуму - кыймылсыз мүлк жана аны менен болгон бүтүмдөр бирдигине укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутуму.
5. (2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)
6. Каттоого алуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кыймылсыз мүлк бирдигине карата укуктардын жана аларды түйшүккө салуулардын (чектөөлөрдүн) келип чыгышы, өзгөрүшү, өтүшү же токтошу жөнүндө мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун негизги документтерине жазып коюу.
7. Идентификациялык код - жекече, Кыргыз Республикасынын аймагында кайталанбай турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол-жобого ылайык кыймылсыз мүлк бирдигине бериле турган, бул бирдик катталган укуктун бирдиктүү объекти катары турганда сакталуучу каттоо номерлеринин жыйындысы.
8. Менчик ээси же пайдалануучу (титул кармоочу) - аты-жөнү же аталышы, ушул Мыйзамга ылайык кыймылсыз мүлктүн менчик ээси же пайдалануучусу катары катталган жеке же юридикалык жак.
9. Кыймылсыз мүлк менен жасалган бүтүм - кыймылсыз мүлк бирдигине укуктарды белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын аракети.
10. Чектөө - кыймылсыз мүлк бирдигине ээлик кылуу, тескөө, пайдалануу укуктарын, анын ичинде үчүнчү жактардын укуктарын чектөө (келишим боюнча ижара, күрөө, ипотека, сервитуттар, милдеттенмелер, мүлккө камак салуу жөнүндө соттун чечимдери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, кыймылсыз мүлктүн ээсинин же пайдалануучунун укуктарын чектеген башка укуктар). Чектөө, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн ээлеринин же пайдалануучуларынын кыймылсыз мүлктү жалпы күтүүгө ыктыярдуу мүчөлүк акы төлөп турууга милдеттендирген ар кандай макулдашууну да камтый алат.
11. Ижара - ижарачынын кыймылсыз мүлкүнө белгиленген бир убакытка жана белгиленген бир акыга өзгөчө ээлик кылууга жана пайдаланууга ижарачыга укук берүү жөнүндө ижара берүүчү менен ижарачынын ортосунда түзүлгөн келишим.
12. Көмөк ижара - ижарачынын кыймылсыз мүлкүн белгилүү бир убакытка жана белгилүү бир акыга өзгөчө ээлик кылууга жана пайдаланууга ижарачыга укук берүү жөнүндө ижарачы менен көмөкчү ижарачынын ортосунда түзүлгөн келишим.
13. Күрөө - кредитор (күрөө кармоочу) эгерде карызкор (күрөө берүүчү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алып коюулардан кийин күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен, башка кредиторлорго караганда, артыкчылык кылуу менен талабын канааттандыруу милдеттенмесин аткарбаган учурда, ошол милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмасы.
14. Ипотека - келишимдер (заем кредит, соода сатык, ижара, подряд ж.б.) боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу максатында жер участокторун, ишканаларды, имараттарды, курулуштарды, турак эмес жайларды, батирлерди жана башка кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу.
14-1. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека - банктын же башка кредиттик уюмдун акчалай каражатын (кредитин) же болбосо башка юридикалык же жеке жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу менен кыймылсыз мүлктү сатып алууда келип чыгуучу күрөө.
15. Сервитут - башка жактын кыймылсыз мүлкүн, аны чыны менен ээлебей туруп чектүү пайдалануу укугу, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн ээсинин же аны пайдалануучунун анын аймагында башка жактардын пайдасына алып келген аракеттер же андай аракеттен кармануу жөнүндөгү ар кандай келишим.
16. Опцион - тараптар мурдатан түзүлгөн келишим (макулдашуу) боюнча аныкташкан мөөнөттө, баада жана шартта кыймылсыз мүлктү сатып алуунун же ижаралоонун артыкчылык укугу.
17. Укукту аныктоочу документ - кыймылсыз мүлктү бирдигине менчик укугун жана башка укуктарды аныктоочу, өткөрүп берүүчү, чектөөчү же токтотуучу документ (мыйзам, тиешелүү укуктуу органдын чечими, келишим, соттун чечими ж.б.)
18. Белгиленген чек - кыймылсыз мүлк (жер участогунун) бирдигинин белгиленген үлгүдөгү чек ара белгилери менен бекемделген, капиталдык имараттарга же курулуштарга, туруктуу табигый белгилерге же бурулуш точкаларынын бардыгында тийиштүү координаттары бар геодезиялык пункттарга туташтырылган табигый чек.
19. Факты жүзүндөгү чек - кыймылсыз мүлк (жер участогунун) бирдигинин белгилүү белгиленген үлгүдөгү чек ара белгилери менен табигый бекемделбеген чек.
20. Каттоо зонасы - жергиликтүү каттоо органынын зонасы, анын чектери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Ал административдик-аймактык бирдиктин бөлүгүнөн, же болбосо бир, эки же андан көп административдик-аймактык бирдиктерден турушу мүмкүн.
21. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - белгиленген компетенцияга ылайык кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик каттоо органы.
22. Индекстелген каттоо картасы - тийиштүү масштабда аткарылган каттоо секторунун же кварталдын аймагынын сүрөтү, анда кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигинин жайгашкан орду, чеги жана идентификациялык номери көрсөтүлөт.
23. Өз ыктыяры менен каттоо - ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде акы төлөө менен жасалуучу мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу жол-жобо.
24. Тутумдук каттоо - арыз бербей, кыймылсыз мүлктүн бирдиктерин массалык текшерүү жолу менен мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылуучу укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча бир жолку иш-чара.
25. Кыймылсыз мүлктү текшерүү - кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигине болгон мамлекеттик укуктарды каттоо үчүн өз ыктыяры менен жана тутумдук каттоонун жүрүшүндө укук белгилөөчү документтерди, картографиялык материалдарды иликтөө жана чек араларды кадастрдык сүрөткө тартуу жагынан жүргүзүлүүчү иштер.
26. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (УБМР) - кыймылсыз мүлк бирдиктери жөнүндө, колдонулуп жаткан жана кыскартылган укуктар менен укуктарды түйшүккө салуулар (чектөөлөр) тууралу, ошондой эле укуктары жергиликтүү каттоо органдарында катталган укук ээлери жөнүндөгү тутумдаштырылган маалыматтар.
27. Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү - имараттардын, курулмалардын, батирлердин же башка кыймылсыз мүлктүн, ошондой эле жер участокторунун иш жүзүндөгү чек араларынын техникалык мүнөздөмөсүн аныктоо.
28. Техникалык паспорт - кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн белгиленген формадагы документ.
29. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтар тутуму - кыймылсыз мүлк объекттери тууралуу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо, программалык-техникалык каражаттар, маалыматтарды топтоо, жаңыртуу, сактоо жана жайылтуу технологиясы менен бирдикте бирдиктүү маалыматтар базасына киргизилген укук ээлери жөнүндө топтолгон маалыматтардын жыйындысы
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2009-жылдын 30-мартындагы № 99, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 , 2012-жылдын 8-августундагы № 155, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 февраля 2021 года № 21 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним", "О внутренней миграции")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2012 года № 155 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним" "Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 декабря 2011 года № 230 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 98 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 99 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чек ара белгилери менен табигый бекемделбеген чек.
20. Каттоо алынып салынды: аймагы кошулду: зонасы - жергиликтүү каттоо органынын кошулду: зонасы, анын чектери кошулду: кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик алынып салынды: каттоо органы кошулду: орган тарабынан алынып салынды: аныкталуучу юрисдикциясынын аймагы. кошулду: аныкталат. Ал алынып салынды: администрациялык райондун бөлүктөрүнөн, кошулду: административдик-аймактык бирдиктин бөлүгүнөн, же болбосо бир, эки же андан алынып салынды: ашык администрациялык райондордон түзүлүшү кошулду: көп административдик-аймактык бирдиктерден турушу мүмкүн.
21. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым … , 2012-жылдын 8-августундагы № 155, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21 кошулду: , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №68 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 05.02.2010 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 695 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 03.11.2011 · № 695 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 380 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 08.07.2016 · № 380 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №42 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 24.01.2009 · № 42 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №69 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 03.02.2009 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2002 года N 443 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «О государственной…Постановление · 28.06.2002 · № 443 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.12.2003 · № 237
- "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 08.12.2011 · № 230
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-1" title="1-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>