Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-июлу № 380 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Жергиликтүү каттоо органдары да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте онлайн режиминде арыздарды кабыл алышат.".
2. 22-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турууга мындай укукту талашып жаткан адамдын арызы негиз болуп саналат. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 күндөн ашык мөөнөткө токтото туруу соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Токтото туруу жөнүндө арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде соттун тиешелүү актысы берилбеген учурда арыз жараксыз болуп калат.".
3. 53-статьяда:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кыймылсыз мүлккө (жер казынасынын участокторунан тышкары) укукту белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтерди тариздөөчү жана берүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бул документтердин көчүрмөлөрүн беш күндүк мөөнөттө кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарына электрондук жана/же кагаз жүзүндө жөнөтүүгө милдеттүү;"; төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "укукту белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербегендиги же өз убагында жибербегендиги үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адам Кыргыз Республикасынын администрациялык мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат;". 2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1072-VI "Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана алар менен бүтүмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 16.11.2016 · № 1072-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-декабрындагы № 1181-VI "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.12.2016 · № 1181-VI
- 2016-жылдын 29-декабры № 1228-VI "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 29.12.2016 · № 1228-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон