Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 30-марты № 99
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө
укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2009-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-
лекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,1999-ж.,№ 4, 193-ст.)төмөнкү-
дөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толук-
талсын:
"27. Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү-имараттардын, ку-
рулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн, ошондой эле жер
участокторунун иш жүзүндөгү чек араларынын техникалык мүнөздөмөсүн
аныктоо.
28. Техникалык паспорт - кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнүн
жыйынтыгы боюнча түзүлгөн белгиленген формадагы документ.".
2. 18-статьяда:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат:
- жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ;
- юридикалык жак үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугун
ырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлү-
гү жана юридикалык жактын уюштуруу документи.";
2-пункттагы "каттоо органынын кызмат көрсөтүү төлөмү жөнүндө кви-
танция" деген сөздөрдөн кийин "жана укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө
маалыматты киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздө-
мөсүн камтуучу документ";
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөрүү 7 жумушчу
күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жергиликтүү каттоо органында укуктары мурда катталган кыймылсыз
мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумушчу күндүн ичинде
жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте "укук ээсинин
арызы боюнча укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү бир жумушчу күн-
дүн ичинде жүргүзүүгө жол берилет.".
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-статья менен толукталсын:
"25-1-статья. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү
жүргүзүү
1. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкы
жана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт.
Баштапкы текшерүү жаны түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баш-
тапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кый-
мылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет.
Учурдагы текшерүү реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдеш-
тирүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, квартиралардын же
башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү өзгөргөн учурда укук ээ-
синин арызы боюнча милдеттүү түрдө, ошондой эле укук ээсинин демилгеси
боюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт.
Учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспортто тие-
шелүү өзгөртүү чагылдырылат.
2. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүүнү кыймылсыз мүлк
бирдигинин жайгашкан жери боюнча жергиликтүү каттоо органдары Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде күчүнө ки-
рет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 6-мартындагы № 1003-IV "2009-жылдын 6-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2009 · № 1003-IV
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 3-ноябры № 1266-V "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 03.11.2011 · № 1266-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 6-мартындагы № 1004-IV ""Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 06.03.2009 · № 1004-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июну № 2072-V "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 21.06.2012 · № 2072-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 7-мартындагы №2846-V "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 07.03.2013 · № 2846-V
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №69 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 03.02.2009 · № 69 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №96 ""Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга…Постановление · 10.02.2009 · № 96 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153