Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-февралы №69 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1999-ж., №4, 193-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толукталсын:
"27. Кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүү жүргүзүү - имараттардын, курулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн, ошондой эле жер участоктун иш жүзүндөгү чек араларынын техникалык мүнөздөмөсүн аныктоо.
28. Техникалык паспорт - кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн белгиленген формадагы документ.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-берене менен толукталсын:
"25-1-берене. Кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүү жүргүзүү
1. Кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкы жана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт.
Баштапкы текшерүү жаңы түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баштапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кыймылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет. Техникалык паспорттун формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Учурдагы текшерүү реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдештирүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү өзгөргөн учурда жүргүзүлөт. Учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспортто тиешелүү өзгөртүүлөр чагылдырылат.
2. Кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнү кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери боюнча жергиликтүү каттоо органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.
3. Кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлериндеги өзгөртүүлөрдү декларациялоо үчүн жоопкерчилик укук ээсине жүктөлөт.".
3. 18-беренеде:
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Арыз ээсинин ким экендиги төмөнкүлөрдү берүү менен ырасталат:
- жеке жак үчүн - ким экендигин ырастоочу документин;
- юридикалык жак үчүн - ким экендигин жана анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документин, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жана юридикалык жактын уюштуруу документтери жөнүндө күбөлүктү.";
- 2-пункт "каттоо органынын кызматы үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция" деген сөздөр кийин "жана укук ээсин өзгөртүү жөнүндө маалыматты киргизүү үчүн кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсүн камтуучу документ" деген сөздөр менен толукталсын;
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "11. Укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөрүү 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Жергиликтүү каттоо органында укуктары мурда катталган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Укук ээсинин арызы боюнча укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте 1 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүүгө жол берилет.".
2-берене. Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.03.2009 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон