Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 26-декабры № 713 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин натыйжалуу чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте (макулдашуу боюнча):
1) 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкүлөр боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн:
-Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү күтүүнү жана өнүктүрүүнү уюштуруу; -айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базасында айыл жериндеги ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоону, күтүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасын түзүү;
2) суу пайдалануучулар ассоциациялары, ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери, жайыт комитеттери менен тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
3) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн, зарыл болгон учурда пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну демилгелесин;
-2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө аралыктык талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына тиешелүү маалыматты берсин; -2025-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоордун жыйынтык натыйжаларын изилдесин жана алынган тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын башка облустарынын айыл аймактарына андан ары жайылтуу жөнүндө сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
-ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү; -Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-статьясына жана "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Реслубликасынын Мыйзамынын 271-статьясына ылайык сугат суусун берүүнү башкаруу жана ирригацияны өнүктүрүу маселелерин жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттардын уставдарына киргизүү;
- коомдук бирикмелердин балансында турган айылдык ичүүчү суу менен камсыздоо объекттерин, ирригациялык системаларды, бул объекттерди жана системаларды эксплуатациялоо жана күтүү, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын күтүү жана жакшыртуу үчүн пайдаланылуучу башка негизги каражаттарды муниципалдык менчикке кабыл алуу.
4. Министрликтер жана административдик ведомстволор белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пилоттук долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (16)
- Түгөл-Сай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-августундагы № 43 Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Түгөл-Суу ынтымагы” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү…Постановление · 15.08.2023 · № 43
- Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 7 "Чаек айыл өкмөтүнүн “Чаек” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2023 · № 7
- Жумгал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 6-1 "Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Жумгал өнүгүү” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү…Постановление · 08.09.2023 · № 6-1
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин 2023-жылдын 16-июнундагы № 2/2 "Дөбөлү айыл аймагында айдоо жерлердин сугат суусунун , ичүүчү суунун, тазалыктын жана жайыттардын…Постановление · 16.06.2023 · № 2/2
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-июлундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын…Постановление · 14.07.2026 · № 26/2
- Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу…Временное положение · 29.12.2023 · № 735
- Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 09-мартындагы № 14/1 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2023 · № 14/1
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-мартындагы 2024-2029-жылдар үчүн Ат-Башы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө" № 13-6…Постановление · 02.03.2024 · № 13-6
- Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралы № 2 "Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө тарифтерди 2023-жылга карата бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2023 · № 2
- Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы "Айыл өкмөттүн эсебине 2024-жылга карата “Казыбек-Кара-Коюн” муниципалдык ишкананын акча каражатын пландан…Постановление · 14.05.2024 · № 4/15
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 24/9 "Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат…Постановление · 28.08.2024 · № 24/9
- Баетов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 1 "Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын эсебинин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2023 · № 1
- Кара-Суу пйыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-майындагы №4/2 "Кара-Суу айыл аймагынын «2026-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын» бекитүү…Постановление · 29.05.2026 · № 4/2
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы №17/3 "Дөбөлү айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 25.11.2025 · № 17/3
- Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-августундагы № 5/3 "Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү…Постановление · 08.08.2023 · № 5/3
- Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 8-февралындагы “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын тарифтери жана бюджети жөнүндө" № 9/6 ТоктомуПостановление · 08.02.2024 · № 9/6 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 16-июнундагы № 2/6 "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кошумча акча каражатынан бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2023 · № 2/6
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 38 · Күчүн жоготкон