Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин «Дөбөлү айыл аймагында айдоо жерлердин сугат суусунун, ичүүчү суунун, тазалыктын жана жайыттардын тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
2023-жылдын 16-июнундагы № 2/2
Дөбөлү айыл аймагында айдоо жерлердин сугат суусунун , ичүүчү суунун, тазалыктын жана жайыттардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынына Муниципалдык иш кана ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндөгү 2022-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомун аткаруу максатында ирригацияны, ичүүчү сууну, тазалыкты, жайыттардын тарифтерин бекитүү боюнча Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын сунушунун негизинде токтом кылат:
1. Айдоо жерлердин сугат суусунун , ичүүчү суунун , тазалыктын жана жайыттардын тарифтери төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
¾ 1га айдоо жерди сугаруу үчүн, бир жылга 200сом; ¾ бир айга тазалык жыйымынын акысы 100сом; ¾ Ичүүчү сууга бир айга 150сом; ¾ Жайыт акысы бир жылга майда жандык(кой,эчки) 15сом, бодо мал (уй, торпок, жылкы, тай) 70сом болуп бекитилсин. ¾ Жаййыт жериндеги чабынды 1 га жерге – 1500 сом
2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл тургундарынын талабына ылайык иш алып баруу жана көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго тапшырылсын.
Төрага:
К. Субанбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.