Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2024-жылдын 28-августу №24/9
Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Кайыңды, Таш-Башат айылдарындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга кеткен жерлерди жергиликтүү тургундар пайдаланып жаткандыгына байланыштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча каражат түшүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына төрт тармак боюнча тиешелүү акча каражатын чогултууга маакулдук берилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасы айыл аймактардан тиешелүү акча каражаттарын чогултуу боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага
К. Субанбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.