Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө тарифтерди 2023-жылга карата бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 18–сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 2 Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө тарифтерди 2023-жылга карата бекитүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө тарифтерди 2023-жылга карата бекитүү максатында
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2023-жыл үчүн жайыт акы,таза суу,мусор,сугат суу,мончолордун төлөмдөрү төмөндөгүдөй болуп белгиленсин.
- Ири мүйүүздү 1(бир) баш малга 90-сомдон
- Жылкынын 1 (бир) башына 90-сомдон
- Кой-эчкиге 1 (бир) башына 18-сомдон
Таза Суу Абонент суу системасын короосуна,үйүнө киргизгендер үчүн – 120 –сом Абонент сууну калонкадан ташып ичкен болсо – 60-сом Мусор чыгарганга Ар бир түтүнгө 50 – сом Сугат сууга 1 сотых жерге 5 сом ар бир сугат үчүн Менчик мончолорго Айына 500 сом
Айыл өкмөтүнө караштуу болгон техникалар, мончо келишим менен бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Токтомуна ылайык, “Казан-Куйган Таза-аймак” мунципалдык ишканасына милдеттердирилсин.
Төрага
Шаарбек уулу Бекназар
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.