Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-июлу № 381 Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 , 2026-жылдын 18-февралындагы № 111, 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги болуп кайра уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунун экинчи, алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы "аба," деген сөз алып салынсын;
- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын авиациялык бийлигинин администрациясы жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Министрликтин ишинин негизги максаты болуп жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль, темир жол, суу транспорту менен ташуу боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногун (аба транспорту чөйрөсүн кошпогондо) өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана жол-транспорт комплексин өнүктүрүү саналат.";
- 12-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү" деген сөздөр "автомобиль, темир жол жана суу транспорту" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жетинчи абзацындагы "жана аба трассаларынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пунктунда:
1-пунктчасынын кырк төртүнчү абзацындагы ", аба" деген сөз алып салынсын; 2-пунктчасынын алтынчы абзацы, 4-пунктчасынын алтынчы абзацы, 6-пунктчасынын сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пунктунун элүү төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментине эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы белгиленген шарттары боюнча жүргүзүлөт деп белгиленсин.
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 30-пунктчасы;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун үчүнчү абзацы.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (17)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтомуна)Положение · 01.07.2021 · № 55
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту…Постановление · 14.04.2022 · № 223
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2021 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу…Постановление · 06.11.2021 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 19.05.2026 · № 351
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайынын уставын…Постановление · 18.02.2026 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы…Положение · 12.07.2022 · № 381
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 "Кыргыз…Постановление · 26.02.2026 · № 135
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы…Положение · 01.12.2020 · № 585 · Күчүн жоготкон
- "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын УСТАВЫУстав · 12.04.2018 · № 203 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү…Постановление · 01.12.2020 · № 585 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 10 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2018 · № 499 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин…Постановление · 13.08.2019 · № 408 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу…Постановление · 06.11.2021 · № 242
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту…Постановление · 14.04.2022 · № 223
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2021 · № 55
- КР Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар…Указ · 20.05.2022 · № 158
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 19.05.2026 · № 351
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайынын уставын…Постановление · 18.02.2026 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 10 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2018 · № 499 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин…Постановление · 13.08.2019 · № 408 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 12.04.2018 · № 203 · Күчүн жоготкон