Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 19 мая 2026 года № 351 "Об утверждении Устава государственного предприятия «Кыргызаэронавигация» при Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-05-19.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну уюштурууда мамлекеттин функциясын аткаруучу, Кыргыз Республикасында аба кыймылын тейлөөчү орган болуп саналат. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананы уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары - Министрлик) саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызаэронавигация" при Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызаэронавигация" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргызаэронавигация".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибутикалары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ишкананын Ош филиалы бар, ал Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилген Ош филиалы жөнүндө жобонун негизинде иштейт, дареги: Кыргыз Республикасы, 723506, Ош ш., "Ош" эл аралык аэропорту.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иштери үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12. Юридикалык дареги: 720062, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, "Манас" аэропорту.
13. Ишкана аба кыймылын аэронавигациялык тейлөөнү (АНТ) ишке ашырат.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин мамлекеттин жана аба мейкиндигинин бардык пайдалануучуларынын кызыкчылыгында коопсуз, натыйжалуу жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.
15. Ишкананын негизги милдеттери ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу болуп саналат.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- аба кыймылын тейлөө;
- аэронавигациялык маалыматтарды берүү;
- учууларды метеорологиялык камсыз кылуу;
- учууларды радиотехникалык камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен биргеликте аба мейкиндигинде тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу же учуу өндүрүшүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле аба мейкиндигин пайдалануучуларга ушул чектөөлөр жана тыюу салуулар тууралуу өз убагында маалымдоо;
- коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга учуу өндүрүшүнүн белгиленген тартибин бузууларды алдын алууга көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу жана аба кыймылын тейлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын аскердик жана тийиштүү органдары менен өз ара аракеттенүү;
- жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткарууга катышуу;
- издөө-куткаруу кызматтарынын жардамына муктаж тийиштүү уюмдарга аба кемелери жөнүндө кабарлоо жана мындай уюмдарга зарыл болгон көмөк көрсөтүү;
- чектеш мамлекеттердин аба кыймылын тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдары менен авиациялык кырсыктарды жана жаңжалдарды, аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузууларды изилдөөгө катышуу;
- белгиленген чек арада аба мейкиндигинин түзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана чектеш мамлекеттердин аскердик жана аба кыймылын тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдары менен бул жаатта өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- аба кыймылын тейлөө жаатындагы жана Ишкананын компетенциясына кирген башка жааттардагы ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Мамлекеттик агенттикке киргизүү;
- аба мейкиндигин пайдалануу тартибин, ошондой эле аба кыймылын тейлөө, навигация, конуу жана байланыш каражаттарынын иштен чыгышын эсепке алуу;
- аба кыймылынын коопсуздук абалын жана аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузууларды талдоо, аба кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткарылышын уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик органдарына мындай бузуулар тууралуу маалымат берүү;
- Кыргыз Республикасынын учуу коопсуздугун камсыздоонун алкагында аба кыймылын аэронавигациялык тейлөө системасынын тийиштүү деңгээлде жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- ишкананын функциялык ишин техникалык камсыздоо үчүн колдонулуучу радиотехникалык, радиолокациялык, радионавигациялык, метеорологиялык жабдууларды, электр байланышын жана башка жабдууларды эксплуатациялоо;
- Кыргыз Республикасынын аймактарындагы жана аэропортторундагы учууларды радиотехникалык камсыздоо каражаттарына жана метеорологиялык жабдууларга сыноолорду, тестирлөөлөрдү жана текшерүүнүн башка түрлөрүн жүргүзүүнү пландаштыруу жана уюштуруу;
- аба кыймылын тейлөө (АКТ) каттамдарынын кыдырып учууларын, ошондой эле учууларды радиотехникалык камсыздоо каражаттарын учуп текшерүүнү уюштуруу жана пландаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана башка ченемдик актыларына ылайык Ишкананын карамагындагы объекттерди жана жабдууларды эксплуатациялоонун ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун камсыз кылуу;
- Ишкананын максаттарын камсыз кылуучу объекттерди, имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, куруу, оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана эксплуатациялоо;
- объекттерди, имараттарды, курулмаларды жана технологиялык жабдууларды материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу;
- Ишкананын функцияларына ылайык ведомстволук байланышты камсыздоо боюнча функцияларды аткаруу;
- келишимдин негизинде Ишкананын ведомстволук бөлүмү болбогон аба кыймылын тейлөөчү органдарга, жарандык аэродромдордун метеокызматтарына жана башка уюмдарга климатологиялык маалыматтарды берүү жана методикалык башкаруу;
- Ишкананын адистеринин квалификацияларын, жеке окуусун жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учууларды медициналык камсыздоо;
- Ишкананын кызматкерлерине, келишимдик негизде жарандык авиация уюмдарынын кызматкерлерине, кайрылуулар боюнча калкка квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү жана оорулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Ишкананын кызматкерлеринин аскердик эсебин жүргүзүү, ошондой эле жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- координациялык борборлордон жана КОСПАС-САРСАТ системасынан (өзгөчө кырдаалдар жөнүндө ыкчам билдирүү жана кырсык болгон жердин географиялык координаттарын аныктоо үчүн багытталган издөөнүн жана куткаруунун эл аралык спутниктик системасы) маалыматтарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу, бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын издөө-куткаруу органдарына (кызматтарына), жарандык авиация органдарына жана аба кыймылын тейлөөчү органдарына, ошондой эле аба кемесин пайдалануучуга (менчик ээсине) берет;
- авиация адистерин кошумча кесиптик даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана колдоо жаатындагы квалификациялык билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
- Ишкананы башкаруу методдорун өркүндөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды сатып алууга, иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө;
- коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын рынок конъюнктурасына жараша өз алдынча аныктоого;
- өз функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын иштерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
- зарыл болгон учурда Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчик ээсинин макулдугу менен ага ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
- авиациялык кырсыктарды иликтөөгө катышууга;
- белгиленген тартипте министрликтерге, ведомстволорго, уюмдарга, мекемелерге жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөргө аба мейкиндигин пайдалануу жана аба кыймылын башкаруу маселелери боюнча иш-чараларды жана иштерди пландаштырууга, координациялоого, ишке ашырууга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө;
- өз укуктарынын чегинде Жарандык авиациянын эл аралык уюму (ИКАО) менен өз ара аракеттенүүгө, аба мейкиндигин пайдалануу, аба кыймылын башкаруу жана авиацияны метеорологиялык камсыздоого тийиштүү маселелер бөлүгүндө кызыкдар мамлекеттердин өкүлдөрү менен министрликтер, уюмдар, ишканалар жана мекемелер тарабынан өткөрүлүүчү сүйлөшүүлөргө катышууга;
- аба кыймылын башкаруу системасынын бүткөрүлгөн объекттерин жана метеорологиялык жабдууларды эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча комиссиянын ишине белгиленген тартипте катышууга;
- министрликтерден, ведомстволордон, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден аба мейкиндигин пайдалануу, башкаруу жана аба кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан иштер жөнүндө ведомстволук актыларды, документтерди, маалымдама, статистикалык жана башка материалдарды, маалыматтарды суроого жана алууга, ошондой эле аба кыймылын тейлөөнүн чектеш борборлору менен аба кыймылын тейлөө боюнча макулдашууларга кол коюуга;
- аба мейкиндигин пайдалануу жана аба кыймылынын тейлөө маселелери боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын (алар менен макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүгө;
- ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Ишкананын иш-аракеттеринин натыйжасында алынган мүлктү, финансылык каражаттарды жана кирешени тескөөгө;
- чет өлкөлүк окуу жайларда Ишкананын адистеринин квалификацияларын жогорулатууга, даярдоого жана кайра даярдоого;
- ушул Уставга ылайык өз иш-аракеттеринин натыйжасында алынган Ишкананын таза пайдасынын эсебинен Ишкананын резервдик капиталын, өнүктүрүү фондун түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарына ылайык монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өз кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди эсептөөгө жана аныктоого;
- ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жактардан улуттук же чет өлкөлүк валютада алынган кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
- Ишкананын максаттарын камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик агенттиктин макулдугу менен ишкананын окутуу-машыктыруучу, консалтингдик, маалыматтык, медициналык жана башка борборлорду белгиленген тартипте түзүүгө жана жоюуга;
- өзүнчө түзүмдүк бөлүмдөрүнө негизги иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардын бөлүгүн бекитүүгө;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн максаттарына жетүү жана милдеттерин, функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана алар үчүн жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылууга;
- Ишкананын зарыл болгон отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө бардык милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөгө;
- чарба жүргүзүү укугунда берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда белгилүү болгон жарандардын жекече турмушун, ар-намысын жана кадыр-баркын козгоочу маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик агенттиктин компетенциясы
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын башкы директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директору кызмат ордуна талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
- фонддордун, ассоциациялардын (союздардын), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү;
- төмөнкүлөргө баалардын прейскурантын бекитүү:
1) Кыргыз Республикасында катталган, эл аралык аба линияларында (ЭАЛ) рейстерди аткаруучу авиакомпаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аба кемелерин аэронавигациялык тейлөөгө:
- Кыргыз Республикасынын аба трассаларында аба кемелеринин учууларын аэронавигациялык тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун райондорунда аба кемелерин аэронавигациялык (диспетчердик) тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
- аба кемелерин лидирлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө (аба кемелерин турган ордунан баштап учуу-конуу тилкесине чейин жана андан кайра ордуна чейин коштоо);
2) Кыргыз Республикасында катталбаган, эл аралык аба линияларында (ЭАЛ) рейстерди аткаруучу авиакомпаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кемелерин аэронавигациялык тейлөөгө:
- аба трассаларында аба кемелеринин учууларын аэронавигациялык тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
- аэродром районунда аба кемелерин аэронавигациялык (диспетчердик) тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
- аба кемелерин лидирлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө:
3) "Кыргызаэронавигация" МИнин медициналык санитардык бөлүгү тарабынан дарыгердик-учуу эксперттик комиссиясы (ДУЭК) жана учуу алдында контролдоо боюнча медициналык кызматтарды көрсөтүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатанттарын авариялык кабарлоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
- "Кыргызаэронавигация" МИнин Окутуу-машыктыруу борбору тарабынан акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө баалардын прейскурантын макулдашууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Мамлекеттик агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан финансылык-чарбалык иштери жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишин жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
- аткаруу органынын отчетторун угууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза же сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Мамлекеттик агенттик төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананы башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
- Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу боюнча белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы Ишкананын башкы директору башкарат.
24. Башкы директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Башкы директор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен сунуш кылган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ишкананын башкы директору Мамлекеттик агенттик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматтан бошотулат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган башкы директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын башкы директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Ишкананын башкы директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы тууралуу ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- тармактык саясат маселелери боюнча Мамлекеттик агенттиктин чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
- кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, сый акы берүү жана материалдык сыйлоо тартибин, анын ичинен эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
- филиалдардын жоболорун жана түзүмүн бекитүү, филиалдардын жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
- Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- Мамлекеттик агенттикке жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
- Ишкананын милдеттерине жана максаттарына, Уставына жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Мамлекеттик агенттиктин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- Мамлекеттик агенттиктин кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын бардык чөйрөдөгү ишине байланышкан зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- Министрликтин суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Ишкананын башкы директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын башкы директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
- Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
- башкы директордун орун басарларынын укуктарын белгилейт;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонот;
- өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгек өргүүлөрүнүн графиктерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт жана Ишкананын бардык финансылык документтерине кол коёт;
- Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
31. Ишкананын башкы директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
32. Ишканада башкы директордун орун басарынын кызмат орундары каралган. Ишкананын башкы директорунун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Ишкананын башкы директорунун орун басары (же орун басарлары) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
34. Ишкананын башкы директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордуна дайындалганга чейинки анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкы директордун биринчи орун басарына же башкы директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз башкы директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды пайдаланат жана жоопкерчиликти тартат.
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада белгиленген тартипте ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
37. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет. Ишкананын башкы директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктайт.
38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен болгон мамилеси келишимдин негизинде түзүлөт.
39. Ишканада Ишкананын иши үчүн маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу үчүн коллегия түзүлөт. Коллегия башкы директордун буйругу менен түзүлөт. Коллегиянын курамына башкы директор, башкы директордун орун басарлары, Ишкананын же филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн башкы директор тарабынан дайындалуучу жети кызматкери, Мамлекеттик агенттиктин бир өкүлү (министр аныктаган) кирет. Коллегия жөнүндө жобо башкы директордун буйругу менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жамааттык келишимдин шарттарын сактоону камсыз кылат.
6. Ишкананын жетекчилик курамы
41. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирет:
- башкы директор, башкы директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
42. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
43. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
- чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- мурда канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызмат ордунан бошотулгандар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
- мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
7. Эсепке алуу, пландоо жана отчеттуулук
44. Ишкана өз ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жылдык иш планынын негизинде же 3 жана андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
45. Ишкананын иш планынын негизин жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин өзү тандайт, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын өз алдынча аныктап алат.
47. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчет түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
- Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органына;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
49. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип жаткан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык иштерин жүргүзөт.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
50. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын формулировкасын;
- тармактын жана рыноктун баяндалышын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
- Ишкана өндүргөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда мамлекеттин болуу зарылдыгынын негиздемесин;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
- уюштуруу планын;
- финансылык планын;
- тобокелдиктерди талдоону.
51. Жыл сайын 1-мартка чейин Ишкананын башкы директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Мамлекеттик агенттик менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана жалпы мамлекеттик жыйымдар системасын жүргүзүүнү уюштуруу жана экономикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
53. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
54. Кызматтардын төмөнкү түрлөрүн көрсөтүүдө ички аба линияларында (ИАЛ) каттамдарды аткарган авиакомпаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кемелерин аэронавигациялык тейлөөлөргө жыйымдардын негизги ставкаларынын чектүү деңгээли монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет:
- аба трассаларында аба кемелеринин учууларын аэронавигациялык тейлөө боюнча;
- аэродром районунда аба кемелерин аэронавигациялык (диспетчердик ) тейлөө боюнча;
- аба кемелерин лидирлөө боюнча.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы
55. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдаланууга негиз болуп кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана мамлекеттин менчиги болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
56. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
57. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
- чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, продукциялар;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
58. Ишкана тарабынан жеке финансы-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укугун уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык жүзөгө ашырат.
59. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катарында киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
60. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жана мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
61. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине таза пайданын бөлүгүнүн бекитилген өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
62. Ишкана алынган пайданын калган бөлүгүн төмөнкү максаттарга пайдаланууга укуктуу:
- Ишкананы өнүктүрүү фондуна;
- Ишкана кызматкерлерин материалдык колдоого, окутууга жана квалификацияларын жогорулатууга;
- резервдик капиталды түзүүгө;
- чет элдик валютаны, башка валюталык жана материалдык баалуулуктарды, баалуу кагаздарды сатып алууга;
- илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, рыноктун конъюнктурасын изилдөөгө, керектөө суроо-талабына, маркетингге;
- Ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүн жарнамалоого;
- жаңы техниканы жана технологияларды сатып алууга;
- кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардам көрсөтүүгө.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
63. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп алуу, кайра түзүү формасында жүргүзүлөт.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп алуу, кайра түзүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча ишке ашырылат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
65. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде (акционерлештирүү) болгон ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер, анын ичинде эмгек мамилелери жаатындагы укуктар жана милдеттенмелер боюнча анын укугун улантуучу болуп саналат.
66. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2022 · № 381
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 19.05.2026 · № 351
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 30.06.2022 · № 52
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү…Постановление · 01.12.2020 · № 585 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон