Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 158 «Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 20-майы ПЖ № 158 Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, өлкө ичинде жана эл аралык линияларда калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүүнүн жана авиациялык каттамды өнүктүрүүнүн маанилүү милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелсин:
- жарандык авиация жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу;
- жарандык авиациянын уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
- экономиканын жана калктын жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны аба аркылуу ташууга муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүү, авиациялык атайын иштерди жана жарандык авиация жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн камсыз кылуу;
- коопсуз, үзгүлтүксүз жана натыйжалуу аба ташуулары, авиациялык атайын иштер, жарандык авиациянын кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- жарандык авиация чөйрөсүнө Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарын жана сунуштаган практиканы (мындан ары - ИКАО) киргизүү;
- ИКАО жана жарандык авиация жаатындагы башка эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо;
- Европа Бирлигинин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, ИКАО эксперттеринин отчетторунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, учуу коопсуздугуна байланышкан ИКАОнун бардык стандарттарын, тиешелүү жол-жоболорду аткаруу, нускамалык материалды жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун негизделген практикасын колдонуу;
- жарандык авиациянын аба каттамдары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
- жарандык авиация жаатында экономикалык, илимий-техникалык жана инновациялык саясатты ишке ашыруу;
- жарандык авиацияда атаандаштыкты өнүктүрүү жана жарандык авиация уюмдары көрсөтүүчү кызматтарды пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө багытталган чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- эл аралык жана ички багыттарда жаңы аба каттамдарынын линияларын ачуу;
- туризмди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын курорттук зоналарына ички авиарейстерди уюштуруу;
- ички үзгүлтүксүз жүргүнчү рейстерди аткарууну камсыз кылуучу жергиликтүү аэропорттордун инфратүзүмүн өнүктүрүү.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги) түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги".
4. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөргө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат деп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
- жарандык авиация уюмдарынын ишин жөнгө салууга, жарандык авиацияны жана аба транспортун стратегиялык өнүктүрүү боюнча документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
- жарандык авиация уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, жарандык авиация жаатында улуттук стандарттардын жана ИКАОнун стандарттарынын сакталышын координациялоого, көзөмөлдөөгө жана контролдоого;
- жарандык авиация жаатында ИКАОдо жана башка эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жана коргоого;
- учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандык авиациянын персоналын даярдоо маселелери жана жарандык авиация жаатындагы башка аспекттер боюнча чет мамлекеттердин тийиштүү органдары менен өз ара аракеттенүүгө.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин карамагына тиешелүү штаттык, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- жарандык авиацияны башкаруу, анын ичинде жарандык авиацияны өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, жарандык авиацияга байланыштуу ишти жүргүзүүчү окуу жайларын, окуу курстарын башкаруу менен байланышкан функцияларды;
- "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасын;
- И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтун.
6. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:
1) өзүнүн түзүмүндө өнүктүрүү стратегиясынын, авиациялык тейлөөнүн коопсуздугунун маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдөрдү жана жарандык авиациянын башкаруу органдарына карата эл аралык талаптарда каралган башка зарыл болгон бөлүмдөрдү карасын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун долбоорун жана башкаруу схемасын;
- эки айлык мөөнөттө өлкөнүн ичинде, анын ичинде горизонталдуу, ар кайсы региондордогу калктуу конуштардын ортосунда ташууларды (чакан авиация), чек аралык, региондук, өлкөлөр аралык, ошондой эле алыскы эл аралык багыттагы эл аралык линияларды кескин түрдө аймактык кеңейтүүнү караган Кыргыз Республикасында авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча иш пландын долбоорун;
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасында жарандык авиациянын иштешин жана өнүгүшүн башкаруунун жаңы, кеңири милдеттерин аткарууну камсыз кылган башка ченемдик укуктук актыларга зарыл өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун;
3) зарыл чараларды көрсүн, анын ичинде ИКАО, Учуулардын коопсуздугу боюнча Европа агенттигинин жоболорунда каралган мөөнөттөргө ылайык бул уюмдар менен Европа Бирлигинин "кара тизмесинен" Кыргыз Республикасын чыгаруу боюнча, ошондой эле авиация кадрларын сертификаттоо, көзөмөлдөө жана окутуу функцияларын ишке ашырууда Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
7. (КР Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык иш спецификасын жана кызматкерлердин квалификациясынын деңгээлине карата өзгөчө талаптарды эске алуу менен Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги үчүн контракттык негизде мамлекеттик кызматка кирүүгө өзгөчө (конкурстан тышкары) тартип белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобону жана башкаруу схемасын бекитсин;
- сертификаттоону жүргүзүү, сертификаттарды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү берүү, узартуу же өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле тиешелүү арыздарды кароо жана корутундуларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын уюмдарынан алынуучу атайын каражаттарды алуунун жана чыгымдоонун тартибин аныктасын;
- (КР Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
10. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 04.09.2023 · № 513-р
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2022 · № 381
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-мартындагы № 92-т (2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын…Распоряжение · 03.03.2023 · № 92-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз…Постановление · 18.10.2022 · № 575
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 308 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык…Указ · 28.10.2024 · № 308
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы N 596-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы N 92- тескемесине…Распоряжение · 30.09.2024 · № 596-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 517-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын…Распоряжение · 27.09.2022 · № 517-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-сентябрынан 2025-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 28.08.2024 · № 514-р · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы 381 токтомуПостановление · 12.07.2022 · № 381
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 308 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык…Указ · 28.10.2024 · № 308
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын…Распоряжение · 04.09.2023 · № 513-р · Күчүн жоготкон