Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 „Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 12 июля 2022 года № 381 "О совершенствовании системы управления гражданской авиацией Кыргызской Республики" токтому» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-07-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-августу № 408 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө жободо:
- 3.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.4. Жарандык авиациянын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, тармактык стандарттардын, техникалык шарттардын, авиациялык эрежелердин, нускамалардын, сертификациялык талаптардын, башка укуктук жана техникалык актылардын долбоорлорун, ошондой эле жарандык авиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин кароосуна киргизет.";
- 3.5-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жарандык авиация тармагында жердеги жана аэронавигациялык тейлөөгө, техникалык тейлөөгө, оңдоого, авиациялык персоналды даярдоого, ошондой эле учуулардын коопсуздугунун, туруктуулугунун жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын натыйжалуулугунун кызыкчылыгында сертификаттоо зарыл болгон башка кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан иштерди сертификаттоо;
- аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, аба кемелерин техникалык тейлөөдөн жана (же) оңдоодон сырткары, учуп келүүдө же учуп кетүүдө аба кемелерин аэропорттордо (аэродромдордо) жер үстүндө тейлөөгө лицензияларды берүү.";
- 3.11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.24-пункту "Кыргыз Республикасынын өкмөттөр" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.4. Авиаташуучуларды жана жарандык авиациянын башка чарбакер субъекттерин Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жазаларды колдонуу менен аба транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана эксплуатациялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүүгө.";
- 6.3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жаза берүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларды түзөт;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-августундагы N 70 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2022 · № 381
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 10 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы 381 токтомуПостановление · 12.07.2022 · № 381
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2022 · № 381
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №10 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 10 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон