Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12 июлундагы № 379 «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 12 июлу № 379 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №635, 2025-жылдын 20-мартындагы № 140, 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жол чарбасы жаатындагы мамлекеттик программалардын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун курулушун, реконструкциялоосун, капиталдык жана орточо оңдоону долбоорлоо чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү долбоорлордун аткарылышын тездетүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы учурдагы бюджеттин жана мамлекеттик капиталдык салымдардын бюджетинин объекттери боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, капиталдык жана орточо оңдоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн подрядчысы болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140, 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы жана "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууну, реконструкциялоону, капиталдык жана орточо оңдоону долбоорлоо боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, капиталдык жана орточо оңдоо боюнча заказчы болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ведомстволук "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы жана "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн объекттеринин тизмесин аныктоого ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасында жолдорду куруу, реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорлорго тартылган подрядчы уюмдар кол коюлган жана ратификацияланган кредиттик макулдашуулардын жоболоруна ылайык төмөнкүлөрдөн бошотулсун:
- айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди бөлүп берүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну төлөөдөн;
- жолдорду түздөө участокторун кошо алганда, автожолдордун долбоордук участокторун бөлүп берүү тилкесинде өскөн дарактарды жана бадалдарды кыюуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну төлөөдөн;
- жер казынасын пайдаланууда кеңири таралган пайдалуу кендер боюнча минералдык-сырьелук базаны (жарылган таштарды казып алуу боюнча жергиликтүү карьерлер, кум-шагыл аралашмалар, эшилме материалдар) өнүктүрүү жана кайра өндүрүү үчүн чегерүүлөрдөн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 635 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 635 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы…Постановление · 18.11.2022 · № 635
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун…Постановление · 28.07.2025 · № 447
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-марты № 140 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 20.03.2025 · № 140
Шилтеме берет (5)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.