Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 „Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-ноябры № 635 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун ондоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй редакциядагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасында жолдорду куруу, реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорлорго тартылган подрядчы уюмдар кол коюлган жана ратификацияланган кредиттик макулдашуулардын жоболоруна ылайык төмөнкүлөрдөн бошотулсун:
- айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди бөлүп берүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну төлөөдөн;
- жолдорду түздөө участокторун кошо алганда, автожолдордун долбоордук участокторун бөлүп берүү тилкесинде өскөн дарактарды жана бадалдарды кыюуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну төлөөдөн;
- жер казынасын пайдаланууда кеңири таралган пайдалуу кендер боюнча минералдык-сырьелук базаны (жарылган таштарды казып алуу боюнча жергиликтүү карьерлер, кум-шагыл аралашмалар, эшилме материалдар) өнүктүрүү жана кайра өндүрүү үчүн чегерүүлөрдөн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12 июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2022 · № 379
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122