Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 140
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Ишкананын ишинин негизги максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча иштерди аткаруу, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу жана өнүккөн жол тармагынын участокторунда автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүн камсыз кылууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.";
- 13-пунктта:
2-пунктча "курулмаларын" деген сөздөн кийин ", аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пунктча "курулмаларын" деген сөздөн кийин ", аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктта:
1-пунктча "курулмаларын" деген сөздөн кийин ", аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча иштерди аткаруу;"; төмөнкүдөй мазмундагы 191-пунктча менен толукталсын: "191) пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык жана жер астындагы ыкмалар менен иштетүү;";
- 37-пункттун 12-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын уставында:
Эскертүү: Ушул токтомдун 3-пунктунун 2-пунктчасынын мамлекеттик жана расмий тилдеги тексти бири-бирине дал келбейт.
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Ишкананын ишинин негизги максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча иштерди аткаруу, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу жана өнүккөн жол тармагынын участокторунда автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүн камсыз кылууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.";
- 13-пунктта:
2-пунктча "курулмаларын" деген сөздөн кийин ", аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пунктча "курулмаларын" деген сөздөн кийин ", аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктта:
1-пунктча "курулмаларын" деген сөздөн кийин ", аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча заказдарды жана пландарды аткаруу;"; төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пунктча менен толукталсын: "19-1) пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык жана жер астындагы ыкмалар менен чалгындоо, иштетүү;";
- 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 22-пунктча менен толукталсын:
"22) № 18 жол-эксплуатациялоо ишканасы филиалы.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫустав · 11.04.2024 · № 162
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫустав · 11.04.2024 · № 162
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12 июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2022 · № 379
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2021 · № 55
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122