Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 22-марты № 151 "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 30-октябрындагы № 709 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14 жана 18-беренелерине, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Өзгон" мамлскеггик тарыхый-маданий музей-коругу мексмеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июлундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставында:
- 3.2-пунктундагы жыйырма сегизинчи абзац күчүн жоготгу деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штатгарын бектүү жөнундө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин зскертүүсү төмөнкүдой мазмундагы 8'-пункт менен толукталсын: "8'."Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун штаттык саны 19 штаттык бирдик чегинде белгиленет.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. ''Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият. маалымат. спорт жана жаштар саясаты министрлигине республикалык бюджетте тиешелүү финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият. маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
- "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун уставын иштеп чыксын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- юстиция органдарында мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы жана Өзгөн шаарынын мэриясы менен биргеликте:
Өзгөн шаарында жайгашкан археологиялык эстеликтерди, анын ичинде үч мавзолейди, мунараны жана биринчи шахристанды (Саид Бурханиддин Кылыч мазарын), ошондой эле аянты 3,5 га коргоо зонасын “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү жолу менен бул объекттерди сактоо, реставрациялоо жана музейлештирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын; археологиялык эстелик – экинчи шахристан (Н. Азнабакиев атындагы парк) жайгашкан, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан аянты 0,12 га жер тилкесин “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Устав Национального историко-археологического музейного комплекса "Сулайман-Тоо" (утвержден постановлением Правительства КР от 26 июня 2004 года №471)Устав · 26.06.2004 · № 471
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын 29-майы № 21/1 "Өзгөн шаарындагы археологиялык эстеликтер болуп эсептелген 3,5 га коргоо зонасы менен үч мавзолей, мунара жана үч шахристан…Постановление · 29.05.2023 · № 21/1
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2026-жылдын 9-апрели № 19/5 Өзгөн шаарынын “Кылыч-Бурханиддин” кварталында жана Н.Азнабакиев атындагы паркта жайгашкан жер тилкерин “Өзгөн” мамлекеттик…Постановление · 09.04.2026 · № 19/5
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151 "Өзгөн" мамлекеттик…Постановление · 30.10.2025 · № 709
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 251 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2015 · № 193
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Устав Национального историко-археологического музейного комплекса "Сулайман-Тоо" (утвержден постановлением Правительства КР от 26 июня 2004 года №471)Устав · 26.06.2004 · № 471
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.