Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151 «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 30-октябры № 709 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151 “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151 “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
7-пунктта:
– алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы жана Өзгөн шаарынын мэриясы менен биргеликте:”;
– төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Өзгөн шаарында жайгашкан археологиялык эстеликтерди, анын ичинде үч мавзолейди, мунараны жана биринчи шахристанды (Саид Бурханиддин Кылыч мазарын), ошондой эле аянты 3,5 га коргоо зонасын “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү жолу менен бул объекттерди сактоо, реставрациялоо жана музейлештирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын; археологиялык эстелик – экинчи шахристан (Н. Азнабакиев атындагы парк) жайгашкан, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан аянты 0,12 га жер тилкесин “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берсин.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2015 · № 193
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151 "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2022 · № 151