Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарындагы археологиялык эстеликтер болуп эсептелген 3,5 га коргоо зонасы менен үч мавзолей, мунара жана үч шахристан жайгашкан жер участокторун „Өзгөн“ мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 29-майы № 21/1 Өзгөн шаарындагы археологиялык эстеликтер болуп эсептелген 3,5 га коргоо зонасы менен үч мавзолей, мунара жана үч шахристан жайгашкан жер участокторун "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №151 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 25-майындагы биргелешкен отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүүгө суралган Өзгөн шаарындагы археологиялык эстеликтер болуп эсептелген 3,5 га коргоо зонасыжанаүч Шахристан жайгашкан жер участоктору шаардын муниципалдык менчигинде калтырылсын.
2. Шаардын аймагындагы тарыхтын, архитектуранын, маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ал жерлерди мыйзам чегинде максаттуу пайдалануу жана шаардын аймагындагы тарыхтын, архитектуранын, маданияттын эстеликтерин сактоого жетиштүү денгээлде жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү боюнча шаардык кеңешке сунуш берүү Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу И.Дадажанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.