Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 9 сентября 2022 года № 489 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-09-09.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 18-октябры № 221 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик салык кызматынын органдарынын Социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун каржылоого каралган каражаттардын отуз пайызын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддоруна министрликтердин борбордук аппараттарынын штаттык санына ылайык каражаттарды пропорционалдуу бөлүштүрүү менен жөнөтөт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Фондду каржылоого каралган каражаттардын отуз пайызы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондуна жөнөтүлө тургандыгы белгиленсин.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-октябрындагы № 109-110 (3288-3289) жарыяланды
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы икспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы №…Положение · 14.06.2005 · № 226 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы №…Положение · 18.10.2021 · № 221 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо…Положение · 18.10.2021 · № 221 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №343 токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 343
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуПостановление · 09.09.2022 · № 489
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 09.09.2022 · № 489 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 14.06.2005 · № 226 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 09.09.2022 · № 489 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 413 «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 08.09.2005 · № 413 · Күчүн жоготкон