Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 9 сентября 2022 года № 489 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-09-09.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду (мындан ары - Фонд) материалдык-техникалык базаны бекемдөө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) кызматкерлеринин иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.
2. Фонддун каражаттарын түзүүнүн тартиби
2. Фонддун каражаттары негизги сумма, пайыздар жана айыптар боюнча тындырууну өзүнө камтыган бюджеттик кредиттерди кайтаруунун эсебинен республикалык бюджетке кайтарылуучу акча каражаттарынын үч пайыз өлчөмүндө республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен түзүлөт.
3. Фондго келип түшкөн каражаттардын отуз пайызы бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү фондуна которулат.
3. Фонддун каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
1) Агенттиктин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүү жана бекемдөөгө, Агенттиктин ишмердүүлүгү үчүн багытталган кызматтык автотранспортту сатып алууга жана тейлөөгө, инфраструктураны курууга жана күтүүгө, кызматкерлер жана техникалык жана кенже тейлөөчү персонал (мындан ары - кызматкерлер) үчүн турак жай курууга жана турак жай алуу үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө, кызматтык жайлардын ижарасын төлөөгө;
2) компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, тетиктерди, эмеректерди сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
3) өкүлчүлүк чыгымдарга, расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, сувенирлерди, эстелик жана баалуу белектерди сатып алууга;
4) Агенттиктин ишине тиешелүү маселелер боюнча буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдү иштеп чыгууга, чыгарууга, сатып алууга;
5) Агенттиктин кызматкерлерин, анын ичинде чет өлкөлөрдө окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
6) Агенттиктин иш-милдеттерин аткаруу максатында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга товарлар, жумуштап жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө, анын ичинде консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга, эксперттердин жана адистердин, анын ичинде чет элдик адистердин ишине төлөөгө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте иш жүзүндөгү чыгымдардын ордун толтуруу боюнча иш-сапар чыгымдарын төлөөгө;
8) Агенттиктин кызматкерлерин жана жумушчуларын материалдык-тиричилик жактан камсыз кылууга жана социалдык коргоого байланыштуу чыгымдарды каржылоого, анын ичинде:
- Агенттиктин кызматкерлеринин жана жумушчуларынын материалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн, анын ичинде ипотекалык кредиттерди төлөө үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө;
- стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине төлөөгө;
- өз кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгон же жаракат алган кызматкердин жана жумушчунун үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
- кызматкерлерди жана жумушчуларды сыйлоого;
- иш-милдеттерин аткаруу үчүн шаардын, райондун, облустун чегинде жүрүү жана тамактануу наркын төлөөгө;
- дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, иш берүүчүлөр менен Агенттиктин кызматкерлеринин жана жумушчуларынын өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга.
5. Агенттиктин кызматкерлерине жана жумушчуларына Фонддон сый акы жана кайтарымдуу каражаттарды берүү Агенттик тарабынан бекитилген мындай төлөмдөр жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
6. Фонддун каражаттарынын багытынын жана пайдалануунун конкреттүү өлчөмдөрү Агенттиктин директору тарабынан белгиленет.
4. Эсепке алуунун тартиби жана отчёттуулук
7. Фонддордун каражаттарын сарптоо чыгымдардын бекитилген сметаларына жана кирешелердин иш жүзүндө келип түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
8. Агенттиктин директору тиешелүү фонддун каражаттарын тескөөчү жана пайдалануу үчүн жооптуу адам болуп саналат.
9. Агенттиктин бухгалтердик эсебинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү фонддордун каражаттарынын түзүлүшүн (келип түшүүсүн), бөлүштүрүлүшүн эсепке алууну, каражаттардын белгиленген тартипте бекитилген сметалык багыттоолорго ылайык максаттуу пайдаланылышын контролдоону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фондду тескөөчүлөргө көрсөтүлгөн каражаттар боюнча отчётторду берүүнү ишке ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 18.10.2021 · № 221 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 09.09.2022 · № 489 · Күчүн жоготкон