Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
14-июнундагы № 226 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2.,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
– 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин эмгек акы төлөө фондунан жыйырма пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн турган республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен түзүлөт.
Каражаттарды Фондго чегерүү үчүн Министрлик тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында бюджеттик каражаттар боюнча учурдагы эсеп ачылат.”;
– 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1),Фонддун 50 пайыз өлчөмүндө Министрликтин кызматкерлерин материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу жана социалдык коргоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоого, анын ичинде:
– Министрликтин кызматкерлеринин материалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн, анын ичинде ипотекалык кредиттерди төлөө үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө;
– стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине төлөөгө;
– кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат алган кызматкерлерге же каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
– кызматкерлерди сыйлоого;
– тамактануунун жана функциялык милдеттерин аткаруу үчүн шаардын, райондун, облустун чегинде жүрүүнүн наркына төлөөгө;
– дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, иш берүүчүлөр менен Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга;
2) Фонддун 50 пайыз өлчөмүндө:
– Министрликтин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, Министрликтин иши үчүн багытталган кызматтык автотранспортту сатып алууга жана тейлөөгө, инфратүзүмдү сатып алууга, курууга жана күтүүгө, кызматкерлер, анын ичинде техникалык жана кенже тейлөөчү персонал
(мындан ары – кызматкерлер) үчүн турак жай курууга жана турак жай алуу үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө, кызматтык жайлардын ижара акысын төлөөгө;
– компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, комплекттөөчүлөрдү, эмеректерди сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
– өкүлчүлүк чыгымдарына, расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, сувенирлерди, эстелик жана баалуу белектерди сатып алууга;
– Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгууга, чыгарууга, сатып алууга;
– Министрликтин кызматкерлерин, анын ичинде чет өлкөлөрдө окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
– Министрликтин өзүнүн функцияларын аткаруу максатында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте иш жүзүндөгү чыгымдардын ордун толтуруу боюнча иш сапар чыгымдарын төлөөгө.”.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
28-февралындагы № 104 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атайын эсебиндеги каражаттар фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын
27-январындагы № 30 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Материалдык колдоо жана өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 104 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Материалдык колдоо жана өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобого толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
27-майындагы № 292 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 104 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 18-октябрындагы № 221 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Постановление Правительства КР от 28 февраля 2000 года №104 "Об утверждении Положения об образовании и использовании фонда материального поощрения и социального развития…Постановление · 28.02.2000 · № 104 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 14.06.2005 · № 226 · Күчүн жоготкон
- КР 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 343 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 18.10.2021 · № 221 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин материалдык колдоо…Постановление · 27.05.2013 · № 292 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 января 2003 года №30 "О внесении дополнения в Положение об образовании и использовании фонда материального поощрения и социального развития…Постановление · 27.01.2003 · № 30 · Күчүн жоготкон