Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы икспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2025 года № 236 "Об утверждении Положения о фонде развития Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88, 2007-жылдын 18-августундагы № 347, 2008-жылдын 28-июлундагы № 405, 2009-жылдын 5-июнундагы № 361, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767, 2011-жылдын 18-февралындагы №55, 2018-жылдын 1-мартындагы № 120, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 221, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Фондду каржылоо булактары жана аны түзүү тартиби III. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бажы органдарынын иш-аракеттерине тиешеси бар башка нормативдик укуктук актыларга ылайык бажы органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү максатында уюштурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын чыгашаларынын сметасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары Мамлекеттик бажы кызматы) чыгашаларынын топтомо сметасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык) II. Фондду каржылоо булактары жана аны түзүү тартиби
3. Фонд өткөн жылда бажы органдары товарларды чыгарууга, баштапкы чечим кабыл алууга байланыштуу бажылык операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн бажылык жыйымдардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардан республикалык бюджетке түшкөн кирешеге барабар суммада республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн эсебинен каржылоодон түзүлөт.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 221, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
6. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Мамлекеттик бажы кызматынын органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, кызматтык автотранспорт, оргтехника алууга, бажы инфратүзүмүнүн объекттерин, балдар бакчаларын, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелерин, кызматкерлер, техникалык жана кенже тейлөө персоналынын жумушчулары (мындан ары - жумушчулар) үчүн турак жайларды алууга, курууга жана күтүүгө, кызматтык имараттардын ижарасына төлөөгө;
- Мамлекеттик бажы кызматынын окуу жайларын, илимий изилдөө мекемелерин, музейин түзүүгө, күтүүгө жана өнүктүрүүгө;
- Мамлекеттик бажы кызматына караштуу органдарга финансылык жардам көрсөтүүгө, ал эми өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча, жалпы мамлекеттик мааниси бар коргонуу, коомдук тартип жана коопсуздук менен байланышкан иш-чараларга;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өкүлчүлүк чыгымдарына, чет өлкөлүк меймандар менен жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, сувенирлерди, эстелик жана баалуу белектерди сатып алууга;
- Мамлекеттик бажы кызматынын органдары өздөрүнүн функцияларын аткаруу максатында юридикалык жана жеке жактарга товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин жана кызматкерлерди социалдык коргоого жана материалдык-тиричилик жактан камсыздоого байланыштуу чыгымдарды каржылоого, анын ичинде:
а) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
б) ссудаларды берүү;
в) Мамлекеттик бажы кызматынын органдарынын кызматчыларынын жана кызматкерлеринин эмгек жана тиричилик, турак жай шарттарын жакшыртууга;
г) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
д) өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же майыптыкка дуушар болгон кызматкердин жана жумушчунун үй-бүлөсүнө бир жолку пособие төлөөгө;
е) кызматкерлерди жана жумушчуларды сыйлоого;
ж) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
з) стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. иштеп чыгуу боюнча илимий изилдөө иштерине төлөөгө.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88, 2007-жылдын 18-августундагы № 347, 2008-жылдын 28-июлундагы № 405, 2009-жылдын 5-июнундагы № 361, 2011-жылдын 18-февралындагы №55, 2018-жылдын 1-мартындагы № 120, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Фонддон Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин, жумушчуларын сыйлоо жана ссуда берүү Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бекитилүүчү мындай төлөмдөр жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Фонддун каражаттарынын багыттары жана пайдалануунун конкреттүү өлчөмдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы тарабынан белгиленет.
IV. Эсепке алуунун тартиби жана отчеттуулук (Бөлүм КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Фонддун каражаттарын сарптоо чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Мамлекеттик бажы кызматынын финансылык бөлүмү Фонддун каражаттарынын түзүлүшүн (түшүүсүн), бөлүштүрүлүшүн эсепке алат, белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык дайындоолорго ылайык каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган каражаттар боюнча Фонддун тескөөчүсүнө отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 28-июлу № 405 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 28.07.2008 · № 405 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (13)
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрели № 236 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө…Постановление · 25.04.2025 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 14.06.2005 · № 226 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Постановление · 01.03.2018 · № 120 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 09.09.2022 · № 489 · Күчүн жоготкон
13 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 21.10.2010 · № 250
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-июнундагы № 337-б (Бөлүнү каражаттар боюнча) буйругуРаспоряжение · 24.06.2009 · № 337-р
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон