КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №231, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 532, 2023-жылдын 12-июлундагы № 360, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366, 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2021-жылдын 15-ноябры № 263 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик коруктар, жаратылыш парктары жана заказниктер Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Мамлекеттик коруктар, жаратылыш парктары жана заказниктер болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясы болуп;
3) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду болуп;
4) “Озон борбору” мекемеси Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Озон борбору” мекемеси болуп.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бир жумалык мөөнөттө:
1) штаттык бирдиктерди, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алууну-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 32 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (32)
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 1д Кызматкерлеринин ведомстволук кийими, айырмалоо…Приказ · 29.07.2022 · № 1д
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 01-01/79 "Кыргыз Республикасында жер казынасын…Приказ · 06.03.2026 · № 01-01/79
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 29.01.2024 · № 2-Д
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 2024-жылдын 23-августундагы № 248-б Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары…Приказ · 23.08.2024 · № 248
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 01-01/210 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары…Приказ · 09.07.2026 · № 01-01/210
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 123 "Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу…Постановление · 11.03.2022 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январы № 17 "Эскирген пестициддерди жана туруктуу органикалык булгоочулар, сымап, коргошун сыяктуу уулуу химиялык…Постановление · 21.01.2026 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 288 ("Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Распоряжение · 07.04.2026 · № 288
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 01-01/134 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары…Приказ · 17.04.2026 · № 01-01/135
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №…Положение · 15.11.2021 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 25-октябры № 01-01/344 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары…Приказ · 28.10.2025 · № 01-01/344
- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы № 3 "Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы № 58-Кесиптик Лицейинин көмөкчү чарбасындагы көп жылдык мөмө дарактары куурап…Постановление · 19.01.2023 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу…Постановление · 12.07.2023 · № 360
- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №4 "Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58-кесиптик лицейинин көмөкчү чарбасындагы көп жылдык куураган мөмөлүү дарактарды…Постановление · 20.02.2024 · № 4
- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-апрелинденги № 9 "Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 44 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы…Постановление · 30.04.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 24.07.2023 · № 366
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин…Постановление · 14.02.2025 · № 69
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иши…Постановление · 08.12.2025 · № 782
32 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу…Постановление · 12.07.2023 · № 360
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.