Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 8-декабры № 782
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо:
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жөнүндө жободо:
– 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жөнүндө жободо:
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;»;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаменти жөнүндө жободо:
– 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;»;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жободо:
– 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;»;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 81-пунктча менен толукталсын:
«81) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;»;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 81-пунктча менен толукталсын:
«81) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;»;
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы жөнүндө жободо:
– 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо…Положение · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине…Приложение · 26.04.2022 · № 231
- Положение о Департаменте экологического мониторинга при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики (к постановлению Кабинета Министров…Положение · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №…Положение · 15.11.2021 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын (Кыргыз Республикасынын…Устав · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө…Положение · 24.12.2021 · № 338
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.