Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 11-марты № 123 Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин лицензиялоо маселелери жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Таасири күчтүү уулуу заттарды жүгүртүүдө Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагынын объекттеринде өнөр жай коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо: 11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу боюнча ишти жүргүзүү укугуна лицензияны берет;".
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №…Положение · 15.11.2021 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 11.03.2022 · № 123 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 263
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195