Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 10-августу № 119 Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
Унга рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 1-майынан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
1). түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан ун тартууга арналган данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1001 коду) импорттоо боюнча.
2). түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бошотулган дандан тартылган ундун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101) салык салынуучу берүүлөрү боюнча.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Төрага
У.А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында…Постановление · 30.04.2022 · № 249
- Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы (КР Министрлер Кабинетинин…Программа · 12.12.2023 · № 671
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №249 токтомуПостановление · 30.04.2022 · № 249
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон