Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:
- андан ары ун өндүрүүчүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жеткирилгеншартта гана субъект тарабынан;
- андан ары ун кылып тартуу үчүн ун өндүрүүчүнүн өзү же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан;
2) ун өндүрүүчүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу жеткирүүлөргө;
3) ата мекендик дандан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1101) салык салынуучу жеткирүүлөргө.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 “Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы “1-августунан” деген сөздөр “1-майынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-мартындагы № 137 “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Товарларга карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы тиркемеге ылайык белгиленсин.”;
2) 2-пунктундагы “айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн” деген сөздөр “айыл чарба жерлерине мүлккө” деген сөздөрменен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгысалынуучу товарлардын тизмеси”;
- 8-пунктунун “ЕАЭБ ТЭИ ТН коду” графасы “2309 90 9609”деген цифралар менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9 – 15-пункттар менен толукталсын:
“
9
Айыл чарба жаныбарларына тоют катарыпайдаланылуучу, горчицанын үрөндөрүнөн башка май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнөн жана мөмөлөрүнөн тартылган майда жана кесек ун
1208
2022-жылдын 1-майынантартып 31-декабрына чейин
10
Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, дан өсүмдүктөрүнөнже бурчак өсүмдүктөрүн элегенден, тарткандан жана башка кайра иштетүү ыкмаларынан түшкөн майдаланган же майдаланбаган улпак, чаар, кебек жана башка калдыктар
2302
2022-жылдын
1-майынан тартып 31-декабрына чейин
11
Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, крахмалды өндүрүүдөн чыккан майдаланган же майдаланбаган калдыктар жана ушул сыяктуукалдыктар, кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому жана кантты өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудан же винону ачытуудан чыккан калдыктар
2303
2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин
12
Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, соя майын өндүрүүдөн алынуучу, майдаланган же майдаланбаган, күкүмдөлгөн жана күкүмдөлбөгөн күнжара жана башка катуу калдыктар.
2304 00 000
2022-жылдын 1-майынын тартып 31-декабрына чейин
13
Өсүмдүк майларын же соя, арахис калдыктарынан башка майларды өндүрүүдөн алынуучу, айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, майдаланган же майдаланбаган, күкүмдөлгөн же күкүмдөлбөгөн күнжара жана башка катуу калдыктар.
2306
2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин
14
Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, өсүмдүктөрдөн алынган майдаланган же майдаланбаган азыктар жана өсүмдүк калдыктары жана кошумча азыктар
230800
2022-жылдын 1-майынантартып 31-декабрына чейин
15
Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу азыктар
2309
2022-жылдын 1-майынантартып 31-декабрына чейин
”.
4. Бул токтом 2022-жылдын 20-мартынан тартып күчүнө кире турган 3-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларын жана 2022-жылдын
1-январынан күчүнө кире турган 3-пунктунун 2-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл…Постановление · 10.08.2021 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана…Постановление · 11.03.2022 · № 137 · Күчүн жоготкон