КР Министрлер Кабинетинин 18.06.2025-жылдагы КМ №349 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
“Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
“Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Уруксат документтерин берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка уюмдар ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы ушул токтомго ылайык “бирдиктүү терезе” маалыматтык системасын модернизациялоону камсыз кылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
26-декабрындагы № 708 “Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, “бирдиктүү терезе” принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө” токтому;
2) КыргызРеспубликасынынӨкмөтүнүн2021-жылдын
20-апрелиндеги № 156 “Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксат берүүчү документтерин берүү маселелери боюнча айрым токтомдорунаөзгөртүүлөрдүкиргизүүжөнүндө”токтомунун 1-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн/
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес…Постановление · 20.04.2021 · № 156
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксат…Постановление · 25.10.2023 · № 573
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 708 "Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес…Постановление · 26.12.2019 · № 708 · Күчүн жоготкон