Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксат берүүчү документтерин берүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 25-октябры № 573 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксат берүүчү документтерин берүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)
Тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтерди өз убагында берүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
- 1-главада:
17-пунктта "Экономика жана коммерция министрлиги" деген сөздөр "Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; 18-пунктта "Экономика жана коммерция министрлиги" деген сөздөр "Ички иштер министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-главанын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- атайын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү документтерди (лицензия/уруксат/корутунду) берет;".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 311 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөр "Ички иштер министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибинде:
- 8-пункттун 8-пунктчасы, 9-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Порядок · 17.12.2021 · № 311
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 311 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды…Постановление · 17.12.2021 · № 311
- Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган…Положение · 26.12.2019 · № 708
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес…Постановление · 20.04.2021 · № 156
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 15.11.2021 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 17.07.2026 · № 493
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат…Постановление · 18.06.2025 · № 349
- КР Министрлер Кабинетинин 18.06.2025-жылдагы КМ №349 токтомуПостановление · 18.06.2025 · № КМ №349
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 311 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды…Постановление · 17.12.2021 · № 311
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес…Постановление · 20.04.2021 · № 156
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат…Постановление · 18.06.2025 · № 349
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну…Закон · 26.07.2018 · № 72
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 708 "Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес…Постановление · 26.12.2019 · № 708 · Күчүн жоготкон