Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-октябры № 587 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө Ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жарандардын алкоголдон мас абалын күбөлөндүрүү жана жарандарды алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 4-пунктунда:
экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- адам Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келүүчү укукка каршы жосундарды жасаганына же жасады деп шектелгенине байланыштуу;"; . төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "- адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мас абалын аныктоого карата күбөлөндүрүүдөн баш тартканда же болбосо ал мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогондо.";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүчү дарыгерге ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү зарылдыгын жараткан себептерди көрсөтүү менен түзүлгөн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протокол берилүүгө тийиш.";
- 4-бөлүмүнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө актыны тариздөө жана корутундуну туюндурмалоо";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүчү дарыгер мас абалды медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө актыны (мындан ары - акт) түзөт. Актыда клиникалык текшерүүнүн, химиялык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары толук жазылат жана тиешелүү корутунду чыгарылат. Актынын формасын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.";
- 17 жана 22-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "протокол" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "акт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 18-пунктундагы "Кыргыз Республикасында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктундагы "Медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколу", "медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколу" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Акт", "акт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пунктундагы "күбөлөндүрүүнүн протоколу" деген сөздөр "акт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пунктундагы "Протоколдун" деген сөз "Актынын" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 312 "Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жарандарды жиберүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы N 94 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын…Положение · 12.02.2015 · № 50
- Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жарандардын алкоголдон мас абалын күбөлөндүрүү жана жарандарды алкоголдон, баңги каражаттары- нан, психотроптук жана башка маң…Положение · 31.10.2019 · № 587
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 11.03.2023 · № 139
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 312 "Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык…Постановление · 24.05.2012 · № 312 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын…Постановление · 12.02.2015 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 312 "Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык…Постановление · 24.05.2012 · № 312 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон