Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жарандарды жиберүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 октября 2019 года № 587 "О некоторых вопросах, связанных с обеспечением безопасности дорожного движения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-10-31.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 587 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-майы № 312 Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жарандарды жиберүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жарандарды жиберүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 312 токтому менен бекитилген
Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жарандарды жиберүү тартиби жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
2. Мас абалын аныктоо үчүн текшерүү дайындоонун жана жүргүзүүнүн негиздери
3. Мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүү жүргүзүүгө чыгымдар
1. Жалпы жоболор
1. Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жарандарды жиберүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан (мындан ары - мас абал) мас абалын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) кызматкерлерин жиберүү боюнча медициналык текшерүүгө (мындан ары - текшерүү) жарандарды жиберүү жана жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктарын андан ары берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Мас абалын аныктоо үчүн жарандарды текшерүүгө жиберүү Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкерлеринин жолдомосу боюнча ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда анын мас абалда деп эсептөөгө жетиштүү негиздер бар жарандарды текшерүү максатында мас абалын аныктоо үчүн текшерүү Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелеринде жүргүзүлөт. Текшерилген адамдын мас экендиги жөнүндө текшерилген адам менен Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкеринин жана медициналык кызматкердин ортосунда келишпестик чыкса, ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын жогору турган медициналык мекемелеринде кайра текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей текшерүүгө жиберилет.
5. Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелеринде текшерүү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Текшерүү жүргүзүлүп бүткөндөн кийин текшерүү протоколунун биринчи нускасы текшерилүүчүнү текшерүүгө алып келген Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкерине берилет, экинчи нускасы медициналык мекемеде калат.
2. Мас абалын аныктоо үчүн текшерүү дайындоонун
жана жүргүзүүнүн негиздери
7. Жарандар текшерүүгө төмөнкү учурларда жиберилет:
- адамдын кылмыш жана администрациялык жоопкерчиликке кириптер кылуучу мыйзамга каршы иштерди жасаганына же жасады деп шек туулганына байланыштуу. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарын бузуу, анын ичинде бир же бир нече белгиси болсо: ооздон алкоголь жыттанышы, түз тура албоо, сөзүнүн бузулушу. Жол-транспорт кырсыктарынын (мындан ары - ЖТК) катышуучусу болгон транспорттук каражаттын айдоочулары, эгерде жабыркагандар болсо же материалдык зыян келтирилсе мас экендигин аныктоо үчүн текшерүүгө милдеттүү түрдө жиберилет;
- жарандардын жеке арызы боюнча.
8. Текшерүү жүргүзүп жаткан медициналык кызматкерге Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкери түзгөн текшерүү жүргүзүүгө жолдомо жөнүндө акт берилиши керек. Текшерүү жүргүзүүгө жолдомо жөнүндө актта төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт: датасы, текшерүүгө жиберилген адамдын аты-жөнү, текшерүүгө жиберүүнүн себеби, ушул жолдомону жазган кишинин аты-жөнү жана кызмат орду.
9. Текшерилүүчү адамды Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкери текшерүүчү жерге мастык белгилери табылган, же ЖТК болгон учурдан эки сааттан кем эмес убакыттын ичинде жеткириши керек.
10. Адамды текшерүүгө жиберүүдө Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкери текшерүүгө жиберилген адамдын ким экендигин аныктоо чараларын көрүүгө милдеттүү.
11. Жарандын жеке кайрылуусу боюнча медициналык текшерүү жүргүзүлгөндө текшерилүүчү адам өзүнүн ким экендигин тастыктаган документин жана анын өтүнүчүнүн себебин баяндаган, медициналык текшерүү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын берүүгө милдеттүү.
12. Администрациялык жоопкерчиликке кириптер болгон укук бузуу болгондо жана текшерүүгө адамды жиберген учурда Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкери администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколго текшерүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө, аны ырастаган жыйынтыгын тиркөө менен тиешелүү жазуу жүргүзөт. Кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылган укук бузуу болгондо жаранды тиешелүү текшерүүгө жиберген учурда, Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкери бул укук бузуу боюнча чечим кабыл алуучу ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын берет.
3. Мас абалын аныктоо үчүн медициналык
текшерүү жүргүзүүгө чыгымдар
13. Мас абалын аныктоочу текшерүүнү жүргүзүүгө чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен, ал эми текшерүү жол-жоболоруна байланышпаган кошумча медициналык кызмат көрсөтүү зарыл болгон учурда кошумча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 587 "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2019 · № 587
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 587 токтомуПостановление · № 587
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 587 "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2019 · № 587
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон