33-статья. Муниципалдык кызматтын токтотулушунун негиздери
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2013 года № 157
Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары муниципалдык кызматчыны иштен бошотуу, кабыл алуу жана бошотуу укугуна ээ жетекчилердин демилгеси боюнча да төмөндөгүдөй учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;
- ушул Мыйзам менен муниципалдык кызматчы үчүн белгиленген милдеттер жана чектөөлөр сакталбаса;
- мыйзам менен корголуучу мамлекеттик, дагы башка сырды түзгөн маалыматтар жарыя кылынса.
- кызыкчылыктардын кагылышуусунун тарабы болуп саналганда, анын алдын алуу жана/же аны жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөсө;
- мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация бербесе же так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жаап-жашырса.
Муниципалдык кызматчылардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын эмгектик талаш-тартышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Муниципалдык кызматчыны пенсияга чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Муниципалдык кызматчынын наамын булгаганы үчүн муниципалдык кызматчы Эмгек кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын администрациясынын демилгеси боюнча кызматтан бошотулган учурда, аталган органдын администрациясы жети күндүк мөөнөттө тиешелүү маалыматты мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү. Муниципалдык кызматчыны ушул статьянын 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызматтан бошотуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү. (КР 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 75, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 24-июлундагы № 157 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2013 года № 157 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 апреля 2008 года № 75 "О внесении изменений и дополнений в Закон КР "О муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
алынып салынды: (Кыргыз Республикасынын кошулду: Муниципалдык кызматчынын наамын булгаганы үчүн муниципалдык кызматчы Эмгек кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын администрациясынын демилгеси боюнча кызматтан бошотулган учурда, аталган органдын администрациясы жети күндүк мөөнөттө тиешелүү маалыматты мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
Муниципалдык кызматчыны ушул статьянын 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызматтан бошотуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
(КР 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 75, 2012-жылдын 10-августундагы № алынып салынды: 164
кошулду: 164, 2013-жылдын 24-июлундагы № 157 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1565/st-33" title="33-статья - Муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>