34-статья. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жоюлган, штаты
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
кыскартылган жана кайра уюштурулганда муниципалдык кызматчынын укуктук абалы
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жоюлган, уюштурулган же штаты кыскарганда муниципалдык кызматчыга жергиликтүү өзалдынча башкаруунун ошол эле органында иштөөгө мүмкүнчүлүк болбосо, анын кесибин, квалификациясын жана мурда ээлеген кызмат ордун эске алуу менен башка кызмат орду сунуш кылынууга тийиш. Эмгекке орноштурууга мүмкүнчүлүк болбогондо белгилүү бир мөөнөткө эмгек келишимин (контрактын) түзгөн муниципалдык кызматчыга кайра даярдоо мезгилинде мурда иштеген кызмат орду боюнча акчалай каражатын сактоо менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кайра даярдоо (квалификациясын өзгөртүү) кепилдиги берилет. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жоюлушуна же штаты кыскарышына байланыштуу кызматтан бошотулганда муниципалдык кызматчыга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компенсация төлөп берилет.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1565/st-34" title="34-статья - Муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>