32-статья. Муниципалдык кызматчынын жеңилдиктери
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Муниципалдык кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө зыян келтирилген, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде келип чыгуучу ооруга чалдыккан же эмгекке жарамдуулугун жоготкон учурга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынууга тийиш. Муниципалдык кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусуна байланыштуу мертинүүсүнүн же кесиптик ооруга чалдыгуусунун натыйжасында майыптыкка дуушар болгон учурда, ага өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жөлөкпул төлөнүп берилет. Муниципалдык кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда каза болгондо үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1565/st-32" title="32-статья - Муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>