5-статья. Социалдык фонддун бюджети жана отчеттуулугу
Күчүндө · 25.07.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93
5-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 5-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Социалдык фонд өз алдынча бюджетке ээ. Ушул мыйзамда белгиленген Социалдык фонддун өздүк киреше булактарынын болушу Социалдык фонддун бюджетинин өз алдынчалыгынын негизи болуп саналат.
2. Социалдык фонддун бюджеттик системасын Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун бюджеттери түзөт.
3. Эсептик мезгил финансылык жылды жана ал аяктагандан кийинки бир айдан ашпаган мезгилди камтыйт, анын аралыгында, пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо, отчёттук жыл үчүн бюджетти аткаруунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар бүткөрүлөт.
4. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджетинин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётунун долбоорлору жыл сайын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыгат.
5. Социалдык фонддун бюджетинин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётунун долбоорлору Байкоочу кеңеш менен макулдашылат.
6. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышынын аудити Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Социалдык фонддун бекитилген бюджетинин аткарылуу процессине башка органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
8. Ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында Социалдык фонд квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында финансылык отчётторду жарыялап турат. Социалдык фонддун финансылык отчётторунун түзүмү, даярдоо жана жарыялоо тартиби Социалдык фонддун башкармасы тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (12)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 341 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 04.07.2019 · № 341
- 2018-жылдын 31-декабры № 649 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик…Постановление · 31.12.2018 · № 649
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 "2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2014 · № 21 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 июня 2013 года № 377 "Об Отчете об исполнении бюджета Социального фонда Кыргызской Республики за 2012 год"Постановление · 26.06.2013 · № 377 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 458 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 08.08.2014 · № 458 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.09.2016 · № 489 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №244 "2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2010 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 519 "2011-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет" токтомуПостановление · 23.07.2012 · № 519 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы №590 "2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2009 · № 590 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы №404 "2010-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2011 · № 404 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" токтомуПостановление · 22.07.2015 · № 513 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 458 токтомуПостановление · 08.08.2014 · № 458
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1502/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>