Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-09-08.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-сентябры № 489 Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Аталган отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүүгө жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө ОТЧЕТ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы кирешелери жыл башына карата акча каражаттарынын калдыгын эске алуу менен 41681343,5 миң сомду түздү, бул бекитилген бюджеттен 104,0 пайызга көп. Камсыздандыруу төгүмдөрү пландагы 22668572,8 миң сомдун ордуна 24087418,5 миң сом суммасында чогулган же пландын аткарылышы 106,3 пайызды түздү. 2014-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун өсүшү 109,2 пайызды, суммалык туюнтулушта 2034851,6 миң сомду түздү. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынан 22097357,5 миң сом күнүмдүк төлөмдөр, 1990061,0 миң сом - өткөн жылдардагы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды тындыруу болуп эсептелет. Өткөн жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун өсүшү чарбалык субъекттерден, бюджеттик уюмдардан, дыйкан жана фермердик чарбалардан, ошондой эле жеке ишкерлерден түшкөн төгүмдөрдүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды. Пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө, аскер кызматчыларынын пенсиялык төлөмдөрүнө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияларга үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар 16349619,5 миң сом суммасында түштү. Социалдык фонд тарабынан бош акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын мөөнөттүү депозиттик эсептерине жайгаштыруудан, туумдар жана айыптардан, дивиденддерден, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк акча калдыктарына пайыздардан жана башка булактардан 190088,6 миң сом суммасында киреше алынган. Социалдык фонддун 2015-жылдагы жалпы чыгымдары 39749750,4 миң сомду түздү, анын ичинде:
- Пенсиялык фонддуку - 36633676,7 миң сом;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку - 1735301,9 миң сом;
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунуку - 220909,0 миң сом;
- Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунуку - 1159862,8 миң сом.
2016-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 604,8 миң адамды түзөт, алардын ичинен "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу алуучулар 372,7 миң адам же пенсионерлердин жалпы санынан 61,6 пайыз, республиканын коммерциялык банктары аркылуу - 232,1 миң адам же 38,4 пайыз. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 14,4 миң адамга же 102,4 пайызга көбөйгөн. Электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жана сөөк коюуга жөлөкпулду эсепке алуу менен пенсияларды төлөөгө керектелүүчү сумма 33645697,6 миң сом өлчөмүндө толугу менен каржыланды. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2015-жылы сөөк коюуга жөлөкпул 314894,0 миң сом суммасында төлөнгөн. 2015-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 1735301,9 миң сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду - 220909,0 миң сом суммасында каржыланган. Мындан сырткары, өткөн жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 100171,9 миң сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна 14679,0 миң сом суммасында карыздар төлөнгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 411 "2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө" токтомуна ылайык 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып 1-топтогу майыптардын, ошондой эле эсептөө жүргүзүү учуруна карата жалпы камсыздандыруу стажы: эркектер үчүн - 40 жыл жана андан жогору, аялдар үчүн - 35 жыл жана андан жогору болгон адамдардын пенсияларынын камсыздандыруу бөлүктөрүн 500 сомго, калган пенсионерлердикин - 250 сомго жогорулатуу жолу менен пенсиялар көбөйтүлдү. Мындан сырткары, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ1) эсептөө үчүн эмгек акы боюнча 8000 сомдон 15000 сомго чейинки чектөөлөрдү алып салуу жолу менен пенсиялар жогорулатылды. Мындай жогорулатуунун натыйжасында айрым пенсионерлер 35 жыл жана андан жогорку стажы барлар орточо 200 сомдон 1800 сомго чейин жана андан көп кошумча алышты. Биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ1) эсептөө үчүн эмгек акы боюнча чектөөлөрдү алып салуу жолу менен пенсияларды жогорулатуу Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-июлундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы менен регламенттелген. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-октябрындагы № 713 "Мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн белгилөө жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучулары үчүн компенсациялык төлөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтому менен 2015-жылдын 1-июлунан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 1850 сом өлчөмүндө белгиленди. Ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларына пенсиянын өлчөмүнө жараша 600 сомдон кем эмес ар айлык компенсациялык төлөмдөр белгиленди. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 4753 сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2015-жылы пенсионердин жашоо минимуму 4637,2 сомду түздү. Ошентип, пенсиянын орточо өлчөмүнүн пенсионердин жашоо минимумуна болгон катышы 102,5 пайызды түздү. Жалпысынан 2015-жылы Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарынан мурда түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу менен 6361579,2 миң сом инвестицияланган, анын ичинен мамлекеттик баалуу кагаздарга 3922579,2 миң сом жайгаштырылган. Жүгүртүү мөөнөтү жылдык 11,7-18 пайыз кирешелүүлүк менен 6 айдан 5 жылга чейин. Коммерциялык банктардын депозиттерине жылдык 16,2-20,8 пайыз кирешелүүлүк менен 6 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө 2439000,0 миң сом жайгаштырылган. Мурунку жылдарда жайгаштырылган каражаттарды эсепке алуу менен Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарын инвестициялоо боюнча кирешелердин түшүшү 972548,4 миң сомду түздү, бул бюджетте каралгандан 179013,6 миң сомго көп. 2016-жылдын 1-январына карата жекече эсепке алуу системасында эсепте турган жарандардын саны 5159,5 миң адамды түздү. Жыл ичинде жекече эсепке алуу системасында социалдык коргоого 299,0 миң арыздар иштелип чыккан жана социалдык коргоо күбөлүгү берилген, анын ичинен жекече эсепке алуу системасында 137,9 миң адам жаңы катталган, алардын ичинен 29,4 миң адам жаңы төрөлгөн жарандар. Мындан сырткары, жекече эсепке алуу системасында 104,2 миң эмгек мигранты катталган. 2015-жылы Россия Федерациясында, Казакстан Республикасында жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө убактылуу жашап жаткан 1,8 миң Кыргыз Республикасынын жараны катталган. Социалдык фонддун 2015-жылга бюджети 108855,2 миң сом профицит менен бекитилген, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин профицити 1931593,1 миң сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко тиркеме
(миң сом)
Позициянын №
2015-жылга бюджет
2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы
Бардык кирешелер (3+28+38+50-позициялар)
1
40093449,4
41681343,5
ИДПга карата % менен
2
9,1
9,8
анын ичинде:
I. Пенсиялык фонд
3
37068666,9
38346794,5
1. Жыл башына калдык
4
614008,1
882 669,3
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү
5
19758641,2
20924417,1
анын ичинде:
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
6
11487458,6
10867508,6
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
7
6521956,1
7593241,4
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү
8
30132,7
24227,3
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү
9
210470,0
205644,5
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү
10
440190,4
483011,7
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
11
8433,4
7552,4
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү
12
1060000,0
1743231,2
3. Башка кирешелер
13
148317,6
190088,6
анын ичинде:
ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер
14
23000,0
30811,3
камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн туумдар жана айыптар
15
34000,0
30888,8
эсептердеги акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздар
16
78000,0
112985,3
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн пайыздар
17
817,6
1224,0
убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруудан кирешелер
18
8000,0
1666,8
пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштыруучу суммалар
19
500,0
0,0
регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар
20
3000,0
8145,5
башка түшүүлөр
21
1000,0
4366,9
4. Республикалык бюджеттен түшүүлөр
22
16547700,0
16349619,5
анын ичинде:
пенсиянын базалык бөлүгү
23
8776560,2
8638460,5
жеткирүүнү эске алуу менен электр энергиясына компенсация
24
1846946,5
1795309,5
аскер кызматчыларынын пенсиялары
25
2150581,3
2034172,6
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул
26
25000,0
30000,0
пенсиялар жана пенсияларга үстөктөр
27
3748612,0
3851676,9
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
28
1735301,9
1919015,3
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү
29
1635130,0
1785625,7
анын ичинде:
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
30
941680,0
929670,4
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
31
537770,0
651655,4
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү
32
3100,0
2683,9
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү
33
16490,0
21828,4
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү
34
47340,0
38343,5
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
35
0,0
882,1
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү
36
88750,0
140562,0
2. 2013-жыл үчүн карыздарды тындыруу
37
100171,9
133389,6
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду
38
220909,0
255670,9
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү
39
206230,0
217512,9
анын ичинде:
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
40
117760,0
117134,1
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
41
67220,0
80006,5
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү
42
290,0
187,1
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү
43
2040,0
103,9
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү
44
7570,0
2955,6
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
45
100,0
130,1
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү
46
11250,0
16995,6
2. 2013-жыл үчүн карыздарды тындыруу
47
14679,0
38158,0
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд
48
7964416,1
8399284,9
1. Жыл башына карата пенсиялык топтоо каражаттары
49
6102309,7
6266873,7
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү
50
1068571,6
1159862,8
анын ичинде:
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
51
661998,8
691555,9
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
52
304489,7
364948,9
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү
53
1432,1
1192,1
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү
54
0,0
0,0
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү
55
10501,3
12680,5
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү
56
149,7
213,2
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү
57
90000,0
89272,2
3. Отчеттук мезгилде инвестициялоодон киреше
58
793534,8
972548,4
Бардык чыгымдар (61+78+83+88-позициялар)
59
39984594,2
39749750,4
ИДПга карата % менен
60
9,0
9,4
анын ичинде:
I. Пенсиялык фонд
61
36959811,7
36633676,7
пенсиялар
62
31396146,4
31376649,8
электр энергиясына компенсация
63
1826851,1
1782744,4
аскер кызматчыларынын пенсиялары
64
2150581,3
1968988,2
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул
65
25000,0
29827,1
сөөк коюуга жөлөкпул
66
322500,0
314894,0
пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана жеткирүү боюнча чыгымдар
67
353618,7
304604,9
Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар
68
17398,7
8395,5
жекелештирилген эсепке алуу боюнча чыгымдар
69
5500,0
753,7
Социалдык фонддун административдик-башкаруу чыгымдары
70
648000,0
647915,3
резервдик фонд
71
47500,0
34381,6
өнүктүрүү фонду
72
46000,0
45110,1
анын ичинде Социалдык фонддун кызматкерлерине ссудаларды берүүгө
73
12000,0
11700,0
мүчөлүк акыларды төлөө
74
5664,6
4561,2
ММК фондуна карыздарды тындырууга чыгымдар
75
100171,9
100171,9
ЭДЧ фондуна карыздарды тындырууга чыгымдар
76
14679,0
14679,0
башка чыгымдар
77
200,0
0,0
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
78
1735301,9
1735301,9
медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо
79
1596301,9
1620220,8
административдик чыгымдар
80
120000,0
109619,7
маалыматтык камсыздоого чыгымдар
81
9000,0
5461,4
саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду
82
10000,0
0,0
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду
83
220909,0
220909,0
санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу
84
143590,9
144906,5
санаторий-профилакторийлерде ден соолукту чыңдоо
85
13254,5
13254,5
балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо
86
59645,4
59645,4
уюштуруу-административдик чыгымдар
87
4418,2
3102,6
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд
88
1068571,6
1159862,8
пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүүгө
89
114620,1
35601,9
МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгымдар
90
10685,7
707,0
учурдагы жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар (50-89-90-позициялар)
91
943265,8
1123553,9
Дефицит (-), профицит (+)
92
108855,2
1931593,1
жыл аягына карата Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражаттары (48-89-90-позициялар)
93
7839110,3
8362976,0
ИДП
94
442808100,0
423635500,0
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1127-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу" токтомуПостановление · 24.11.2016 · № 1127-VI
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Шилтеме берет (7)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-октябрындагы № 713 "Мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн…Постановление · 19.10.2015 · № 713
- Постановление Правительства КР от 25 июня 2015 года № 411 "О повышении страховых частей пенсий с 1 сентября 2015 года"Постановление · 25.06.2015 · № 411
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө"…Закон · 12.07.2016 · № 112
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндөЗакон · 26.06.2001 · № 58